Дүйнө жүзүндөгү спорт клубдары, спортчулар жана күйөрмандар Израилдин Газага жасаган геноцидине каршы нааразычылыктарын билдиришүүдө. Айрым командалар Израилдик клубдар менен оюн өткөрүүдөн баш тартып, кээ бирлери болсо Израилге каршы оюндардан түшкөн кирешелерди Палестинадагы гуманитардык уюмдарга багыштоодо.
Түркияда федерациялар, клубдар жана спортчулар Израилдин чабуулдарына каршы нааразычылыктарын билдиришүүдө.
Европада болсо, айрыкча Испаниядагы клубдардын Израилдик клубдарга карата реакциясы өзгөчө көңүл бурууда.
Эл аралык атактуу жылдыздар да Палестина маселесине үнсүз калган жок. Льюис Гамильтон, Эрик Кантона жана Мухамед Салах сыяктуу спорт ишмерлери социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө Израилди тез-тез сындап, саясатчыларды чабуулдарды токтотууга чакырышты.
Өткөн сезондо Галатасарай менен жолдорун бөлгөн белгиялык футболчу Дрис Мертенс июль айында "Газа ачарчылыкка калтырылууда" деп эскерткен.
Формула 1дин жети жолку чемпиону Льюис Хэмилтон Израилдин кол салууларынын натыйжасында каза болгон балдардын өлүмүнө көңүл буруп:«Биз мындан ары унчукпай тура албайбыз»,-деди. ЮНИСЕФтин маалыматтарына таянуу менен Израилдин күчтүү кол салууларынан улам июль айынын биринчи жумасында Газада 100дөн ашуун баланын каза болгонун, балдардын өлүмүнүн ай бою уланганын белгиледи.
Француз футболунун легендасы Эрик Кантона Израиль басып алган Батыш Шериадагы бир команданы колдоо кампаниясын колдой турганын билдирди. Өткөн жумада Кантона Инстаграмда оккупациядагы Батыш Шерианын түштүгүндө Бетлехемдеги Аида качкындар лагеринен Ладжи Селтик клубунун футболкасын кийген. Кантона билдирүүсүндө өнөктүктүн Шотландиядагы Селтик күйөрман топтору тарабынан баштатылгандыгын жана формаларды сатуудан түшкөн кирешенин палестиналык качкындарды колдоого жумшаларын айтты.
Египеттик жылдыз футболчу Мохамед Салах август айында палестиналык мурдагы футболчунун өлүмүнө байланыштуу УЕФАнын унчукпай койгонуна нааразычылык билдирди. Палестинанын улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу Сулейман аль-Обайд Газада гуманитардык жардам күтүп жаткан учурда Израилдин баскынчы күчтөрүнүн кол салуусунда каза болду. УЕФА Аль-Обайддын каза болушун эскерип, "Палестиналык Пеле менен коштошуу. Эң караңгы мезгилдерде да сансыз балага үмүт берген талант",- деп эскерип, бирок анын өлүмү боюнча кеңири маалымат берген жок. Салах УЕФАнын билдирүүсүн сындап: «Ал кантип, кайда жана эмне үчүн өлгөнүн айта аласыңарбы?»,- деп сурады.
Палестина футбол федерациясы : «Улуттук команданын мурдагы оюнчусу Сулейман ел-Обайд Газада гуманитардык жардам күтүп жаткан учурда баскынчылардын кол салуусунда шейит болду»,-деп билдирүү таратты. Газада төрөлүп, беш баланын атасы болгон 41 жаштагы Аль-Обайд Палестинанын футбол тарыхындагы эң жаркыраган жылдыздардын бири болгон.
Испандык "Барселона" клубу израилдик "Хапоэль Банк Яхав Иерусалим" баскетбол командасынын 15-октябрда "Бахи Манреса" менен өтө турган Еврокубок оюнунун алдында өзүнүн базасын пайдалануу өтүнүчүн четке какты. Испаниянын Канар аралдарында да израилдик командаларга окшош реакциялар көрсөтүлдү. 14-октябрда Тенерифеде ойнолушу пландалган "Ла Лагуна Тенерифе" - "Бней Герцлия" Баскетбол Чемпиондор Лигасынын оюнун жылдыруу талабы коюлду.
15-сентябрда Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Газадагы геноцидден улам Израилди бардык эл аралык спорттук иш-чараларга катышууга тыюу салууга чакырды. Испаниянын баскетбол боюнча аялдар командасы Бизкая Герниканын төрагасы Жерардо Кандина : "Газадагы ырайымсыз геноцидге толугу менен каршыбыз. Менимче, муну баары кабыл алышы керек. Биз бул айла-амалга алдырбайбыз",- деп Израилдин Элицур Рамла командасы менен эки беттеш өткөрбөй тургандыктарын билдирди.
Испанияда Спорт боюнча Жогорку Кеңеши (CSD) Израилге Ла Вуэльтадагы велоспорттук иш-чараларга катышууга уруксат берген Эл аралык Cycliste Union (UCI) уюмун "Газадагы геноцидди актоо" менен айыптады.
Сентябрь айында Испаниянын түндүгүндөгү Баск аймагында өткөн эл аралык шахмат турнирине катышуудан баш тартууга буйрук алган израилдик жети шахматчынын оюндан баш тартканы кабарланды.
Палестинанын Футбол федерациясы Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери күчүндө болгон Газага чабуулун токтотконго чейин Израилдин спорттук командаларынын жана оюнчуларынын эл аралык мелдештерге катыша албоосун талап кылды.
Түркияда спорт федерацияларынын жетекчилери Израилдин бардык спорттук иш-чараларга катышуусуна тыюу салууга чакырып, көптөгөн улуттук спортчулар Израилдин кыргынын айыпташты.
Сентябрь айында Амстердам шаардык кеңеши DENK партиясынын кеңешинин мүчөсү Шехер Хан тарабынан сунушталган жана "баскынчылыкка же расизмге салым кошкон өлкөлөрдүн спорт клубдарынын" шаарда кабыл алынбагандыгын белгилеген сунушту добуш берүү менен кабыл алды.
Германиянын Фортуна Дюссельдорф клубу израилдик футболчу Шон Вайсман менен келишим түзүү чечиминен баш тартканын август айында жарыялаган. Италияда сентябрда 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Европа тандоо турунда күйөрмандар Израилдин гимнине каршы чыгышты.
Норвегиянын футбол федерациясы 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун Израилге каршы 11-октябрда Ослодогу Уллеваал стадионунда ойноло турган беттешинен түшкөн билет кирешелеринин Газага бериле турганын жарыялады. Федерациянын төрагасы Лисе Клавенесс : "Газада көптөн бери уланып келе жаткан гуманитардык кыйынчылыктарга жана элге карата ашыкча күч колдонууга кайдыгер карай албайбыз. Түшкөн кирешелерди Газада күн сайын адамдардын өмүрүн сактап, аянтта тез жардам көрсөтүп жаткан гуманитардык уюмга берүүнү каалайбыз",- деди.
Палестиналык жетекчилерин айтымында, спорт коомчулугу бомбалоолордон, ачарчылыктан жана инфраструктуранын кыйрашынан жапа чегип жаткан маалда, 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин чабуулдары башталгандан бери Газада 800дөн ашуун спортчу каза болду. Палестинанын футбол федерациясы (PFA) акыркы эки жылда Газада өлтүрүлгөн 800дөн ашуун спортчунун арасында 420дан ашуун футболчу бар экенин, алардын дээрлик жарымы балдар экенин билдирди.
Бириккен Улуттар Уюму жана гуманитардык уюмдар Израилдин блокадасынан улам Газа калкы массалык ачарчылыкка дуушар болуп жатканын эскертишүүдө. Спортчулар жана тургундар күнүмдүк жашоодо аман калуу үчүн спорттук иш-чараларды таштоого аргасыз болууда.













