ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түштүк Кореянын мурдагы премьер-министри президенттик жарышка кирди
Өлкөдө 3-июнда боло турган шайлоо мурдагы президент Юн Сук Ёлдун ордуна кимдин келерин аныктайт.
Түштүк Кореянын мурдагы премьер-министри президенттик жарышка кирди
/ Reuters

Түштүк Кореянын мурдагы премьер  - министри Хан Дук  - су жума күнү берген билдирүүсүндө мурдагы президенттин кызматтан бошотулушу менен күн тартибине келген эрте шайлоодо президенттик үчүн талапкерлигин койгондугун жарыялады.

3 -  июнда боло турган шайлоо декабрь айында жарыялаган талаш  - тартыштуу аскердик абал чечими менен Түштүк Кореяны көпкө созулган саясий баш  аламандыкка жетелеген мурдагы президент Юн Сук Ёлдун ордуна кимдин келерин аныктайт.

Өлкөдөгү саясий туруксуздук бейшемби күнү бир президенттикке талапкердин шайлоо мыйзамдарын бузган деген айып менен кайрадан соттолушу жана Хан менен бирге өкмөттүн эки маанилүү кызматкеринин отставкага кетиши менен ого бетер күчөдү.

Хан бейшемби күнү премьер  - министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтан кетип жатып, президентикке талапкер болоруна байланыштуу белгилерди берген. Жума күнү телекөрсөтүүдө сүйлөгөн сөзүндө: «Түштүк Корея Республикасынын жана баарыбыздын келечеги үчүн колумдан келгенди аткарууга чечим чыгардым. Бул президенттик шайлоодо элибиз тарабынан шайлануу үчүн колумдан келгендин эң мыктысын аткарамын»,- деди.

Мурунку премьер-министр Юн декабрь айында парламентте импичмент жарыялангандан кийин  өлкөнүн убактылуу президенттик кызматын аткарган. 75 жаштагы карьералык бюрократ Юндун Элдик күч партиясы менен биргелешкен консервативдик кампанияны баштап, либералдык талапкер Ли Чжэ Мёнго каршы күрөшөрү күтүлүүдө.

Хан либералдык жана консервативдүү өкмөттөрдө ар кандай жогорку кызматтарды аткарган анын ичинде каржы министри, соода министри жана АКШдагы элчи сыяктуу жогорку кызматтарда иштеген.  Эки жолу  премьер-министрлик орундугуна отурган Хан бул кызматта мурдагы президент Ро Му Хен, кийинчерээк Юн менен иштешти.

Сөзүндө : «Түштүк Корея Республикасынын сыймыктуу бир кызматкери катары экономикалык өнүгүүнүн алдыңкы саптарында кызмат кылуу үчүн өмүрүмдү арнадым»,- деген Хан Вашингтондун тарифтерин камтыган соода кризисин чечүү убадасын берди. Өзгөчө президенттик мөөнөтүн чектөө үчүн Конституцияны өзгөртүү убадасын да берди.

Түштүк Кореянын беш жылдык бир  мөөнөттүү президенттик системасы көптөн бери бир адамда ашыкча күчтүн топтолушуна алып келгендиги жана жетиштүү тең салмактуулук менен көзөмөлдөө механизмдери жок деп сынга алынууда. Хандын билдирүүсү өлкөнүн Жогорку соту күчтүү талапкер Линин мурунку өнөктүк учурунда жалган көрсөтмө берген деген айыптоо боюнча актоо өкүмүн жокко чыгаргандан бир күн өткөндөн кийин жасалды. Бул Линин келерки айдагы шайлоого талапкер болуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтириши мүмкүн.

Ошол эле күнү Хандын ордуна убактылуу президент катары дайындалышы күтүлүп жаткан каржы министри Чой Санг-мок оппозици депутаттарынын араларында аскердик абал киргизүү сыяктуу айыптоолор боюнча импичмент жарыялоо үчүн добуш бергенден кийин кызматтан кетти. Чой кызматтан кеткенден кийин импичмент процесси токтотулган.

 

Иликте
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү