Түркия Алжирдин ар кайсы аймактарында чыккан токой өрттөрү себеп болгон адам жоготууларына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана алжир элине көңүл айтылды.
Билдирүүдө «Алжирдин ар кайсы аймактарында чыккан токой өрттөрү себеп болгон адам өлүмүнө терең кайгыруудабыз» деген сөздөр орун алды.
Өлкөнүн чыгыш провинцияларындагы токой өрттөрүнөн 12 адам каза болгону кабарланган.





















