Трамп Орусия менен согуш чечилбесе, Украинага Томагавк ракеталарын жөнөтө тургандарын айтты
АКШнын президенти Газадагы ок атышпоо Шарм-эл-Шейх саммити үчүн Израиль менен Египетке бараар алдында Украинанын «Томагавк ракеталарын» талап кылганын жарыялады.
АКШ президенти Дональд Трамп эгерде Украина менен Орусиянын согушу чечилбесе, Украинага Томагавк канаттуу ракеталарын жөнөтөрүн билдирди.
Трамп жекшемби күнү Израиль жана Египетке, Шарм-эль-Шейхтеги Газа боюнча ок атышууну токтотуу саммитине жөнөп жатып, Украина Томагавктарды алгысы келерин айтты.
“Биз бул тууралуу сүйлөштүк, эми көрөбүз,” – деп, ал Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүлөрүнө шилтеме берди.
“Чынын айтсам, Орусия менен сүйлөшүшүм керек болушу мүмкүн. Алар Томагавктар ошол жакка багытталышын каалашабы? Менимче, жок. Мен адилеттүүлүк үчүн Орусия менен бул тууралуу сүйлөшүшүм керек болушу мүмкүн,” – деп, Трамп Зеленскийге Томагавктарды “жаңы агрессия кадамы” деп атаганын айтты.
“Карагылачы, эгерде бул согуш чечилбесе, мен аларга Томагавктарды жөнөтөм. Томагавк ишенимдүү курал, өтө чабуулчул курал деп айта алам. Чынында, Орусияга бул кереги жок... Эгер согуш чечилбесе, биз жөнөтүшүбүз мүмкүн. Жөнөтпөшүбүз да мүмкүн, бирок жөнөтүшүбүз мүмкүн,” – деди ал.
“Мен согуштун чечилишине күбө болгум келет,” – деп кошумчалады ал.
Анын бул сөздөрү Зеленский жекшемби күнү Трамптын Газа боюнча ок атышууну токтотуу планы Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн да үмүт жаратарын айткан соң айтылды.
Зеленский ошондой эле эки өлкө АКШнын Киевге узак аралыкка учуучу Томагавк канаттуу ракеталарын жөнөтүү боюнча иштеп жатканын билдирди.
Өткөн дүйшөмбүдө Трамп Киевге Томагавктарды жөнөтүү боюнча чечим кабыл алууга жакын экенин, бирок аларды кандай колдоно турганын жана кайда жөнөтүп жатышканын билгиси келерин айткан.