ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Франциянын Палестинаны таануу планына каршылык көрсөттү
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Палестинаны ойдон чыгарылган мамлекет катары жактап аны таануу “терроризмге сыйлык” берүү менен барабар экенин айтты.
Израиль Франциянын Палестинаны таануу планына каршылык көрсөттү
Macron said that recognising a Palestinian state is " not a taboo for France," underlining that such a move is a moral and political necessity. / Reuters

Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Франциянын Палестина мамлекетин таануу планына каршы чыгып, бул кадамды "терроризмге сыйлык берүү" деп сыпаттады.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон шаршемби күнү France 5 телеканалына берген маегинде, Франциянын Палестина мамлекетин таанууга даярданып жатканын жана бул чечимдин июнь айында Сауд Арабия менен биргелешип өткөрүлө турган эл аралык конференцияда жарыяланышы мүмкүн экенин кабарлады.

“Баарыбызга белгилүү болгондой кайсы бир өлкөнүн «бир тараптуу таануусу» ойдон чыгарылган Палестина мамлекетине сыйлык берүү жана Хамасты күчтөндүрүү дегенди билдирет” деген Саар, мындай кадамдар тынчтыкты, коопсуздукту жана ырааттуулукту камсыз кыла албайт, тескерисинче дагы да алыстатат ​​деп айтты.

Макрон болсо: "Биз таанууга карай кадам ташташыбыз керек жана муну алдыдагы айларда ишке ашырабыз," – деди. Ал белгилегендей, июнь айында Нью-Йоркто өткөрүлүшү пландалган жана эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы талкуулана турган конференция бурулуш учур болушу мүмкүн.

Макрондун билдирүүлөрү, Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган согуш маалында аймактагы кризисти саясий жактан чечүү чакырыктары күчөп турган учурга туш келди.

2024-жылдын февраль айында Макрон Франция үчүн Палестина мамлекетин таануу "тыюу салынган тема эмес" экенин белгилеп, мындай кадамды моралдык жана саясий зарылчылык деп атаган.

"Биз муну көптөн бери басмырланып келген палестиналыктар үчүн жасашыбыз керек. Биз муну кылымдын эң чоң антисемиттик кыргындарын башынан өткөргөн израилдиктер үчүн жасашыбыз керек. Биз муну баш аламандыкты жайылтуучулардан жана өч алуу сезимин козутуучулардан качууну эңсеген аймак үчүн жасашыбыз керек," – деп билдирген ал ошол учурда.

Палестинаны тааныган өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө

Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 147си учурда Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныйт. Өткөн май айында Испания, Ирландия жана Норвегия да бул өлкөлөргө кошулуп, аны тааныган ЕБ өлкөлөрүнүн саны 10го жеткен. Булардан тышкары Болгария, Түштүк Кипрдин Рум башкаруусу, Мальта, Венгрия, Польша, Швеция жана Румыния да Палестинаны тааныган.

Европадан тышкаркы Багам аралдары, Тринидад жана Тобаго, Ямайка жана Барбадос сыяктуу өлкөлөр да Палестина мамлекетин расмий тааныган.

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат