ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы мамилелер "мурдагыдан да жакын" экенин билдирип, С-400 темасын "маанилүү эмес" маселе катары сыпаттады.
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
Баррак Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы байланыштар "болуп көрбөгөндөй жакын" экенин айтты / Reuters Archive

АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы Түркиянын Орусиянын С-400 абадан коргонуу системасын сатып алуусу боюнча келишпестик "чечилет" деди.

Дүйшөмбү күнү Нью-Йорктогу Түрк үйүнүн алдында журналисттерге маалымат берген Баррак АКШ менен Түркиянын командалары эки тараптуу жана аймактык маселелерди чечүү үчүн "талыкпай" иштеп жаткандарын билдирди.

"Түркия менен АКШнын ортосундагы мамиле мурдагыдан да жакын", - деген Баррак эки тараптын тынымсыз диалог жүргүзүп жатканын кошумчалады.

С-400 маселеси боюнча суроого жооп берип жатып Баррак пикир келишпестик АКШнын мыйзамдарынан, тактап айтканда Американын душмандарына санкциялар аркылуу каршы туруу жөнүндө мыйзамдан (CAATSA) жана С-400 системасынын иштөө статусу менен менчигине байланыштуу талаптардан келип чыкканын айтты.

Тема боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеген Барак, аны "маанилүү көйгөй эмес, мамилелер маселеси" деп мүнөздөдү.

"Оң натыйжа"

Баррак ошондой эле Түркиянын коргоо өнөр жайына токтолуп, өлкөнүн "С-400дөн көз карандысыз күчтүү коргонуу өнөр жайына" ээ экенин билдирди.

АКШ менен Түркиянын мамилелеринин кеңири чөйрөсүн баса белгилеген Баррак ар кайсы өлкөлөрдүн маселени кантип чечүү керектиги боюнча ар кандай көз караштары бар экенин да кошумчалады.

Эки тараптуу мамилелерге оптимизмин сөз кылган Том Баррак эки өлкө "оң натыйжага" жетүү жолдорун аныкташы керектигин айтты.

Баррак АКШнын президенти Трамп менен президент Режеп Тайип Эрдогандын ортосундагы мамилени "абдан күчтүү жана өз ара ыраазычылыкка негизделген" деп мүнөздөдү.

Баррак мурда Эрдоган менен Трамптын жыйындын алкагында жолугушуусу күтүлүп жатканын айткан.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди