АКШ Газада кайра куруу жана ок атышууну токтотуу процессин талкуулоо үчүн тынчтык саммитин өткөрөт

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президентинин Израилдин Тынчтык Кеңешине кошулуу чакырыгын кабыл алды, бирок азырынча уставга кол коё элек.

By
Нетаньяху менен Трамп Вашингтондо белгиленген саммиттин мөөнөтүнөн мурун жолугушат. [Архивдик сүрөт] / Reuters

Axios  жаңылыктар порталы жума күнү АКШга жана дипломатиялык булактарга таянып билдиргендей, Ак үй 19-февралда Газа тынчтык кеңешинин лидерлеринин саммитин өткөрүүнү пландаштырууда. Бул саммиттин максаты - Газадагы ок атышууну токтотуунун экинчи этабына өтүү жана согушта талкаланган Палестина аймактарын кайра куруу аракеттерине каражат чогултуу.

Axios АКШлык жетекчиге шилтеме жасап: "Бул Тынчтык Кеңешинин биринчи жыйыны жана Газаны кайра куруу үчүн каражат чогултуу конференциясы болот",- деди.

Кабарга караганда Трамп администрациясы лидерлерди чакыруу жана логистикалык маселелерди талкуулоо үчүн ондогон өлкө менен байланышка өтө баштады.

Жыйындын Вашингтондогу Тынчтык институтунда өтөөрү күтүлүүдө.

 Axios басылмасына бир булак: "Азырынча эч нерсе тастыктала элек, бирок АКШ администрациясы муну пландаштырууда жана кайсы лидерлердин катышаарын текшере баштады", - деп билдирди.

 Нетаньяхунун пландаштырылган жолугушуудан бир күн мурун, 18-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

 Нетаньяху Трамптын Израилдин башкаруу органына кошулуу чакыруусун кабыл алган, бирок али уставга кол коё элек.

 Эгер Нетаньяху катыша турган болсо бул анын 7-октябрда Палестинанын каршылык көрсөтүүчү ХАМАС тобунун чабуулунан жана андан кийинки Израилдин Газага жасаган чабуулунан берки араб жана мусулман лидерлери менен биринчи жолу ачык жолугушуусу болот.

 Саммиттин пландары азырынча  баштапкы этапта жана өзгөрүшү мүмкүн.

 Ак үй бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.