Газа тилкесинде ок атышпоого карабастан Израиль армиясынын кол салууларынан дагы бир палестиналык каза болду.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын билдирүүсүнө ылайык, Израиль армиясы Газа тилкесинин ар кайсы аймактарындагы жайкын тургундар жашаган аймактарга чабуулдарын улантып, үйлөрдү жардыргыч заттар менен жардырды.
Израиль тарабынан Газа шаарынын батыш бөлүгүндөгү Шейх Радван конушуна жасалган чабуулдардан 6 адам жаракат алып, алардын бири Махмуд аль-Мадхун болсо каза болду.
Ошондой эле кабарда Израиль армиясы Газа шаарынын чыгыш бөлүгүндөгү көптөгөн үйлөрдү алыстан жардырып талкалаганы айтылды.
Кабарда Израиль аскерлери Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Бурейж качкындар лагерине оор куралдар менен ок чыгарганы, Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында болсо деңизден жана тик учактардан ок атылганы баса белгиленди.
Израиль армиясы Рафах жана Хан Юнус шаарларындагы жер которгон палестиналыктар жашаган чатырларды да аткылаганы айтылды.
Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын 10-октябрында ок атышууну токтотуу күчүнө киргенден бери Израилдин чабуулдарынан 1505 палестиналык каза болуп, 5332 адам жараланды.
Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесинде жүргүзүп келе жаткан геноцидде болсо ушул убакка чейин 74 000ден ашык палестиналык каза болуп, 175 000ден ашуун адам жаракат алды.




















