СПОРТ
1 мүнөт окуу
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Билдирүүлөр Мексиканын ФИФАнын Ирандын бардык оюндарын өз өлкөсүнө жылдыруу өтүнүчүн четке какканын ырастагандан кийин айтылды.
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Инфантино: "Спорт саясаттан тышкары болушу керек" деди. (Сүрөт: АРХИВ) / Reuters

ФИФАнын төрагасы Жанни Инфантино АКШ менен Израилдин Тегеранга каршы согушу улантылса да, Ирандын 2026 Дүйнөлүк чемпионатка "сөзсүз" катышаарын билдирди.

Инфантино CNBC телеканалына берген билдирүүсүндө Ирандын футболдук командасы Дүйнөлүк чемпионатка сөзсүз катышаарын айтты. "Ал убакка чейин кырдаал тынчып, бул процесске оң таасирин тийгизет деген үмүттөмүн",- деп кошумчалады Инфантино.

Июнь айында АКШда пландаштырылган беттештер жөнүндө: "Бирок Иран келиши керек; алар өз элинин өкүлү, алар катышуу укугуна ээ, оюнчулар ойногусу келет", - деди.

"Спорт саясаттан тышкары болушу керек. Эгерде көпүрөлөрдү курууга жана аларды бекем кармоого ишенген башка эч ким жок болсо, биз бул ишти аткарабыз",- деп кошумчалады.

Бул билдирүү Мексиканын ФИФАнын Ирандын бардык беттештерин АКШнын түштүк коңшусуна жылдыруу өтүнүчүн четке какканын ырастагандан кийин жасалды.

Ирандын Дүйнөлүк чемпионатка катышуусу 28-февралда башталган АКШ жана Израил менен болгон согуштан улам белгисиз эле.

Иран 2025 - мартта Өзбекстан менен 2- 2ге барабар болуп, 2026 ФИФА Дүйнөлүк чемпионатына катышуу укугуна ээ болду.

АКШ, Мексика жана Канада биргелешип өткөргөн Дүйнөлүк чемпионат 11-июнда башталат.

Бирок ушуга карабастан Ирандын G тобундагы бардык беттештери - Бельгия, Египет жана Жаңы Зеландияга каршы беттештери да АКШда өтөт.

ФИФАнын веб-сайтындагы команданын графигине ылайык, Иран Жаңы Зеландия менен 15-июнда Лос-Анжелес стадионунда, Бельгия менен 21-июнда ошол эле стадиондо, ал эми Египет менен 26-июнда Сиэтл стадионунда ойнойт.

Иликте
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү