2017-жылдан бери TRT тарабынан уюштурулуп, дүйнөнүн ар тарабынан алдыңкы инсандарды бириктирген TRT World форуму глобалдык диалогго салым кошууну улантууда.
Стамбул Конгресс борборунда башталган жана президент Режеп Таййип Эрдоган да катышкан форумда окумуштуулар, журналисттер, спортчулар, өнөрпоздор, саясатчылар жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү дүйнөнүн эң актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Форумдун биринчи күнүндө президент Режеп Таййип Эрдоган, Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран жана TRTнын башкы жетекчиси Мехмед Захид Собажы ачылыш сөздөрүн сүйлөшөт.
Вице-президент Жевдет Йылмаз "Түркия: аймактык күчтөн аймактар аралык актерго" деген аталыштагы панелдик талкууда, ал эми Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Ибрахим Калын "Эл аралык укуктун жана гуманитардык кыйроонун кесилишиндеги Газа" деген аталыштагы панелдик талкууда сөз сүйлөйт.
Эл аралык күн тартиби боюнча көптөгөн жылдар бою ар кандай көз караштарды бириктирип келген TRT World форуму 10-жылында дүйнөдөгү өзгөрүп жаткан күч балансын жана лидерлик динамикасын талкуулап жатат.
Акыркы 10 жылда 86 ачык жана 76 жабык сессияда 801 баяндамачыны миңдеген катышуучулар менен жолугуштурган форум ар кандай көз караш жана тажрыйбалардын бөлүшүлүшүнө платформа түздү.
Глобалдык-аймактык артыкчылыктар жана күн тартиптери талкуулана турган быйылкы форумда жасалма интеллект, энергетикалык кризистер, эл аралык укук жана экономика сыяктуу темалар каралат.
Форумда быйыл "Түркия: аймактык күчтөн аймактар аралык актерго", "Тобокелдиктүү дипломатиянын кайтып келиши: Ортоңку державалар жана өнүгүп келе жаткан көп полярдуу тартип", "Эл аралык системадагы америкалык парадокс", "Оор калыбына келтирүү процессине карай: Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийинки улуттук экономикалар", "Эл аралык укуктун жана гуманитардык кыйроонун кесилишиндеги Газа", "Байланыштын жаңы геосаясаты: деңиз жолдору, тоскоолдуктар жана коридорлор", "Алгоритм доорунда ким башкарат? Ишканалар, мамлекеттер, жарандар", "Энергетикалык кризистин кесепеттери: кысым астындагы мекемелер" жана "Жасалма интеллект доорундагы жоопкерчиликти башкаруу" деген аталыштагы ачык сессиялар өтөт.
Мындан тышкары, Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук динамикасынан баштап Евразия түзүмүнө, Россия-Украина согушунан тартып Африкадагы дипломатияга жана геоэкономикага чейинки көптөгөн темалар өз тармактарындагы адистердин катышуусунда уюштурулган тегерек стол жыйындарында талкууланат.






















