ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Испаниянын премьер-министри: Тынчтык Газадагы геноцид кылмышы үчүн жазасыз калуу дегенди билдирбеши
Испаниянын лидери Педро Санчес Мадриддин Израилге курал эмбаргосун киргизүүнү уланта турганын айтты.
Испаниянын премьер-министри: Тынчтык Газадагы геноцид кылмышы үчүн жазасыз калуу дегенди билдирбеши
Палестиналыктар ок атышуу токтотулгандан кийин Газанын түндүк аймактарына кайтып келүүнү улантууда. / AA

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес шейшемби күнү Газа тилкесиндеги тынчтык адилеттүүлүктүн эсебинен болбошу керектигин айтып, зомбулук кылгандар жоопко тартылышы керектигин айтты.

Шейшемби күнү Cadena SER радиосуна маек берген Санчес: "Тынчтык унутуу дегенди билдирбеши керек; бул жазасыз калуу дегенди билдирбеши керек. Газада жасалган геноциддин негизги актерлору сот алдында жооп бериши керек",- деди.

Санчес Косово согушу учурунда Бириккен Улуттар Уюмундагы милдетин эске салып, бул мезгилден кийин согуш кылмыштары боюнча соттолгондордун болгонун билдирди.

Испаниянын лидери: "Бизди алдыда көп иштер күтүп турат. Жооп бериш керек болгон көптөгөн суроолор бар",- деди.

Санчес ошондой эле Испаниянын аскерлеринин Газага тынчтык орнотуучу катары жөнөтүлүшү мүмкүн экенин айтты.

Испаниянын лидери Мадриддин Израилге курал эмбаргосун улантарын жана бул чечим "ок атышпоо келишими бекемделмейинче жана процесс тынчтыкка карай биротоло жылымайынча" өзгөрбөй турганын баса белгиледи.

Испаниянын премьер-министри: "Зордук-зомбулуктун токтошу маанилүү. Эми бизде Израиль менен Палестинанын ортосунда чынчыл диалог жана эки мамлекеттин таанылышы үчүн мүмкүнчүлүк терезеси бар",- деди.

Санчес дүйшөмбү күнү Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине кол коюуга катышуу үчүн Египетке барды.

Иликте
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"