ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Сауд Арабиясы жетектеген коалиция Йемендеги Иран колдогон хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын жарыялады.
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Хуситтердин кол салууларынан 73 адам жаракат алды / Reuters

Араб коалициясынын басма сөз катчысы бригадалык генерал Турки аль-Малики X платформасындагы билдирүүсүндө хуситтердин Сауд Арабиясын, анын жарандарын жана улуттук мүмкүнчүлүктөрүн бутага алуу аракеттери жоопкерчиликсиз жана душмандык мамилени чагылдыраарын айтты.

Малики хуситтердин жакында Абха, Хамис Мушайт, Джазан жана Нажран шаарларындагы жарандык жана коммерциялык объектилерге жасаган чабуулдары Сауд Арабиясынын эгемендигин ачыктан-ачык бузуп, анын коопсуздугуна коркунуч келтиргенин белгиледи.

"Террористтик хуситтердин куралдуу топтору" тарабынан эч кандай негизсиз жасалган бул чабуулдар Сауд Арабиясынын экономикалык кубаттуулугуна зыян келтирүүгө багытталганын айткан Малики, Араб коалициясынын күчтөрү хуситтердин ушул кол салууларын нейтралдаштыруу жана бул агрессивдүү жүрүм-турумга чечкиндүү каршы туруу үчүн бардык зарыл "ыкчам" чараларды көрөрүн билдирди.

Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрь айынан бери Йемендин айрым бөлүктөрүн, анын ичинде борбор шаар Сананы көзөмөлдөп келишет. Сауд Арабиясы жетектеген коалиция болсо 2015-жылдын март айынан бери Йемен өкмөтүн колдоп келет.

Иликте
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы