АКШнын Түркиядагы элчиси Том Баррак аймактык динамикада Анкаранын маанилүү ролун баса белгилеп: "Израилди кайрадан аныктоо зарыл, бул процесс жүрүп жатат. Израиль менен Ирандын ортосундагы акыркы окуялар баарыбыз үчүн жаңы жол түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул жаңы жолдо Түркия негизги орунда турат”,-деп айтты.
Американын Сирия боюнча атайын өкүлү да болгон Баррак, Анадолу агенттигине берген маегинде алгач Түркия менен терең жеке байланыштарын билдирди. Элчи чоң атасынын 1900-жылы Осмон паспорту жана 13 лира менен АКШга көчүп барганын эске салып: «Президент Трамптын атынан жогорку даражалуу дипломат катары ДНКм чыккан жерге кайтуу артыкчылыгына ээ болуу мен үчүн чоң сыймык»,-деди.
Баррак айрыкча АКШ-Түркия карым-катнаштары жана Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларга токтолду. НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити учурунда Трамп менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Гаагадагы жолугушуусуна токтолгон Баррак, Трамп менен Эрдоган сыяктуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен АКШнын мамлекеттик катчысы Рубионун жакшы мамиледе экенин айтты.
«Бул төрт адамдын-эки президент менен алардын тышкы иштер министрлеринин ортосунда ишеним мамилелери тарыхтын абдан маанилүү мезгилинде түзүлгөн», - деп кошумчалады ал. Трамп менен Эрдогандын эки жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салган Баррак, бул жолугушуулардын ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдегенин айтты. Барак Ортоңку Чыгыш жана Жакынкы Чыгыш тарабынан калыптанган жаңы доордун башталганын баса белгилеп, АКШнын Түркияны ар дайым НАТОнун маанилүү өнөктөшү катары көргөнүн баса белгиледи.
«Аймактык күч»
Баррак Трамп менен Эрдогандын Жакынкы Чыгыштагы учурдагы татаал абалды жаңы жана конструктивдүү диалог баштоо үчүн бир мүмкүнчүлүк катары баалаганын белгилеп: «Жакынкы Чыгыштагы диалог лидерликти талап кылат, күчтүү лидерликти талап кылат»,-деди.
Баррак Түркиянын НАТОдогу ролуна да токтолуп: «НАТОнун бул жыйынына чейин Түркияны ар дайым чоң бир НАТО шериктеши катары көрчүбүз, бирок менин оюмча Түркия эч качан аймактык күч катары татыктуу мааниге ээ болгон эмес»,-деди.
НАТО саммитиндеги бир көз ирмемди баяндаган Баррак: «НАТОнун үй-бүлөлүк фотосүрөтүн көрүп, президент Эрдогандын президент Трамптын жанында туруп, адатта эмоциясын күчтүү бир чөйрөдө көрсөтпөгөн, бирок чындыгында чынчыл, жумшак жана боорукер адам болгон Трамп менен кол алышып учурашышы... Чынында эле таасирдүү учур болду. Алар бири-бирин чындап жакшы көрүшөт»,-деди.
Жакынкы Чыгышта болуп жаткан башаламандыктарга токтолгон Баррак: «Жакынкы Чыгышта аймактагы бардык өлкөлөр чечүүчү жол издеген бир мезгилдебиз, 100 жылдан бери батыштын кийлигишүүсү себеп болгон хаостун ичинде жашап жатабыз»,-деди.
Түркиянын НАТО өнөктөшү катары F-16 жана F-35тердин маанисине көңүл бурган Баррак, F-35 тетиктеринин маанилүү бөлүгүнүн Түркияда өндүрүлгөнүн баса белгиледи. Баррак, Түркиянын F-16 учактары жана алардын модернизациясы үчүн акча төлөгөнүн да белгилеп, CAATSA санкциялары мезгили тууралуу кээ бир анекдоттор менен бөлүштү.
Өзгөчө коргонуу тармагында стратегиялык кызматташтыктын тереңдетилишине токтолгон Баррак, F-35 темасынын көптөн бери талкуу темасы болгонун моюнга алды. Бирок эки тараптын тең бул маселени артка калтыргысы келгенин белгилеп: «(АКШ) Конгресс бул маселеге жаңыча көз менен кароого даяр. Президент Эрдоган менен тышкы иштер министри Фидан да келгиле, жаңы башталыш кылалы деп жатышат... Жылдын аягына чейин бир чечим табуу мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм»,-деди.
F-35, F-16 жана С-400 маселелерине байланыштуу Баррак : «Жакынкы бир нече айда эки президент менен эки тышкы иштер министринин ортосунда жаңыланган жолугушууну көрөсүз. Беш жылдан бери талкууланган бул маселелердин баары, F-35, F-16, С-400, санкциялар, экинчи орундагы мааниси бар нерселер. Биз негизги милдетибиз кайсы болсо, ошого көңүл бурушубуз керек»,-деди.
Баррак ошондой эле: «Узак убакыттан бери биринчи жолу Америка жана түрк тарабында бир гана коргонуу өнөктөшү болбостон, чабуулда да өнөктөш болуу милдеттенмеси бар. Түрк элине кантип жардам бере аларыбызды жана Америка коомчулугунда Түркияны кантип тереңирээк түшүнө аларыбызды сүйлөшүшүбүз керек»,-деди.
Мындан тышкары Баррак Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы жетишкендиктерин мактап, өзгөчө Байкардын TB2 жана Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарынын глобалдык ийгилигине көңүлдөрдү буруп, Түрк аба жолдорун дүйнөнүн эң мыкты аба жолдорунун бири катары мүнөздөдү.
Измир тууралуу ойлору менен бөлүшкөн Баррак: «Менин оюмча, Измир иудаизм, мусулман жана христиандар жанаша жашаган коомду кантип аралаштыра ала турганыңыздын бир мисалы»,-деп баса белгиледи.
«Менин оюмча, Жакынкы Чыгышта жана дүйнөдө болушу керек болгон нерсе, ач көздүк, кастык жана көрө албастыксыз маданияттардын, идеялардын жана көз караштардын аралашуусу. Түркия Сириядагыдай эле мунун да борбору боло алат»,- деп кошумчалады ал.
Сирия-Израил келишими мүмкүнбү?
Сирия менен Израилдин ортосунда келишимди күтүүгө болобу деген суроого Баррак: «Ооба, кандайдыр бир учурда алар келишимге жетиши керек деп үмүттөнөбүз»,- деп жооп берди. Сириянын президенти Ахмед Шараанын алты айдан бери кызматта экенин эске салган Баррак, Израилдин Сирия мамлекетине тарыхый жактан каршы чыкканын белгиледи. Ал белгилегендей, Шараа Израилди жек көрбөгөнүн, диний касташуу болбогонун жана чек арада тынчтык болушун каалай турганын ачык айткан.
«Мен билем, Израил дагы ушундай нерсени каалайт. Сиз чек ара маселелерин жөн эле элдештирүү үчүн арткы каналдагы диалогдун башталышын жана акырында туруктуу чек ара үчүн диалогду көрө аласыз»,- деди ал. Ал Ливан менен да ушундай эле келишимге жетишүүгө болот деп ишенгендигин билдирди.
«Эмне үчүн биз тынчтыкта жашашыбыз керек эмес? Мен муну тынчтык жолу менен жасайм, менин диний ырым-жырымдарыма карабастан... Сирия бул маселени мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн эксперимент болорун көрөсүз», - деп кошумчалады ал.
Сирияга мүмкүнчүлүк берүү үчүн трансформациянын зарылдыгын баса белгилеген Баррак, президент Эрдогандын Шараага болгон колдоосун эске салып: «Ошондуктан ал өкмөттү азыр колдоп, бирок өкмөткө түздөн-түз кийлигишпестен колдоо эң негизгиси. Бирок алардын келечеги чек араларындагы бардык душмандык элементтерден арылууга байланыштуу»,-деди.
Сириянын түндүк-чыгышынын интеграциясы жана АКШ Сирия Демократиялык Күчтөрү (SDF) деп атаган түзүмдүн ролу тууралуу суроого Баррак Трамп менен Рубионун бул маселе боюнча өз көз караштарын ачык айтканын белгилеп: «(Сирияда) биз сүйлөшө турган бир гана улут мамлекет болот, ал Сирия өкмөтү»,-деп баса белгиледи.
Барак: «СДК биз ПКК/ЙПГ деп атаган элементтерди камтыса да, америкалыктар менен бирге ДЕАШка каршы күрөштү» жана «СДК жаңы Сирияга аскердик жана саясий жактан да интеграцияланышы керек... Ошол сыяктуу эле алавиттер, друздар жана өкүлчүлүк издеген башка жамааттар да интеграцияланышы керек»,- деди.
Баррак ошондой эле мындай процесс убакытты талап кыларын билдирди.
«Жакынкы Чыгыш жаңы диалогго даяр»
АКШнын атайын өкүлү Стив Виткоффтун Газадагы чыр-чатакка карабастан көптөгөн өлкөлөр «Ибрахим» келишимине кошулууга даяр деген билдирүүлөрүнө байланыштуу Баррак Виткоффтун сезимтал маселелерди башкаруудагы өзгөчө аракеттерин мактады.
Израилдин мусулман дүйнөсү менен биримдикти куруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгилеген Баррак, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Судандын бул процессти алга жылдырууда алгачкы кол коюуларынын маанисине да көңүлдөрдү бурду.
2015-жылы мусулман өлкөлөрүнө саякатка тыюу салынганын эске салган Баррак, бул процесстин акырында Ибрахим келишимдерине жол ачканын айтты. Ал ошондой эле Трамптын 2016-жылы Эр-Риядга пландалган чет өлкөгө биринчи сапары Израиль менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогдун пайдубалын түптөгөнүн белгиледи.
Газа боюнча сүйлөшүүлөрдүн арасында бул диалогду кеңейтүүнүн абдан кыйын экенин моюнга алган Баррак, бардык тараптардын чыр-чатактын чечилиши үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын баса белгиледи. «Мен алар бул маселени чечет деп ишенем. Жакынкы келечекте Газада ок атышпоону көрөбүз. Менимче, бул боюнча туура команда», - деди ал.
Түркия менен Израилдин бир кездерде күчтүү карым-катнаштарды бөлүшкөнүн жана мындай жарашуунун кайрадан мүмкүн экенин баса белгилеген Баррак, кагылышуунун тамырында дин болбогонун, «аймактык каалоолорду туура эмес чечмелөө» экенин айтты.
Баррак Сирия менен Израилдин ортосунда гана эмес, Ливан менен Израилдин ортосунда да диалогдун жаңырышына үмүттөнөрүн билдирди.
«Жакынкы Чыгыш жаңы диалогго даяр. Эки тараптан тең күчтүү лидерлик бар. Адамдар бир эле окуяны уккандан тажашты, менимче, кичинекей кадамдар менен баары «Ибрахим» келишимдерине кайтып келе баштайт, өзгөчө Газадагы кырдаал тынчыганда», - деп кошумчалады ал.












