ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Хамастын берген жообунан мактоо менен сөз кылды
Президент Эрдоган Израилди Трамптын Газа планына баш ийүүгө чакырып, Хамастын бул планга берген жообу "бекем тынчтыкка жетүү жолунда конструктивдүү жана маанилүү кадам экендигин" айтты.
Эрдоган Хамастын берген жообунан мактоо менен сөз кылды
Эрдоган Хамастын чечимин "тынчтыкка карай олуттуу кадам" деп атап, Израилден чабуулдарын дароо токтотууну талап кылды. / AA

 Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Хамастын АКШнын президенти Дональд Трамптын Газада согушту токтотуу планына берген жоопту  "бекем тынчтыкка жетүү жолунда конструктивдүү жана маанилүү кадам» деп  мүнөздөп Израилди Газадагы геноцидди дароо токтотууга чакырды.

«Хамастын жообунан кийин, Израилдин дароо бардык кол салууларды токтотушу жана ок атышпоо планына баш ийүүсү керек»,- деген Эрдоган жума күнкү билдирүүсүндө Хамастын бардык туткундарды бошотууга макул болгонун жана Трамптын Израилге Газаны бомбалоону токтотууга буйрук бергенин эске салды.

 Эрдоган : «Газага гуманитардык жардам жеткирилиши жана глобалдык абийирди терең жаралаган бул геноциддин акырына чыгарылышы үчүн тез арада кадам ташталыш керек»,-деди.

Эрдоган өзгөчө Түркиянын сүйлөшүүлөрдүн "Палестина эли үчүн эң пайдалуу жыйынтык менен аякташы" жана эл аралык коомчулук колдогон эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү менен иштөөнү уланта турганын баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинен берилген билдирүүдө да Хамастын жообунун Газада ок атышууну дароо токтотуу, аймакка гуманитардык жардамдарды үзгүлтүксүз жеткирүү жана туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн керектүү кадамдардын ташталышына мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Хамастын берген жообу

 Түрк жетекчилеринин билдирүүлөрү Хамастын Трамптын сунушуна берген расмий жообунан кийин келди.

Трамп Хамаска жекшемби күнү Вашингтон убактысы боюнча саат 18:00гө чейин өзүнүн планын расмий түрдө жактырууга убакыт берген. Планга ылайык, Газа АКШ президентинин жетекчилиги астында эл аралык органдын көзөмөлүндө куралсыздандырылган аймакка айландырылмак.

Бул план 72 сааттын ичинде туткундарды алмашууну, согуштук аракеттерди токтотууну, Газадагы куралдуу топторду куралсыздандырууну жана израилдик аскерлерди акырындап чыгарууну камтыйт.

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"