ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Шарм-эш-Шейх тынчтык саммитине катышат
Египетте өтө турган саммитке 20дан ашуун дүйнөлүк лидерлер катышат. Саммитке Сиси жана Трамп төрагалык кылат. Бирок Хамастын да, Израилдин да катышуусу күтүлбөйт.
Президент Эрдоган Шарм-эш-Шейх тынчтык саммитине катышат
Президент Эрдоган Шарм-эш-Шейх тынчтык саммитине катышат / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен Шарм-эш-Шейх тынчтык саммитине катышуу үчүн дүйшөмбү күнү Египетке барат. Бул тууралуу Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран билдирди.

Бурханеттин Дуран жекшемби күнү X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Президентибиздин саммитте сөз сүйлөөсү жана катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери менен кеңешүүсү пландалууда»,-деди.

Саммитке 20дан ашуун дүйнө лидерлери катышары күтүлүүдө, аны Сиси жана Трамп биргелешип жетектешет.

Дипломатиялык бир булак AFP агенттигине “АКШ, Египет, Катар жана Түркия ортомчулар катары Газа саммитинде кепилдик документине кол коюшат” деп билдирди.

ХАМАСтын бир өкүлү ишемби күнү AFP агенттигине топтун Египеттеги Газа тынчтык келишиминин расмий кол коюу аземине катышпай турганын айткан.

Хамастын Саясий бюросунун мүчөсү Хоссам Бадран маегинде: «Биз расмий кол коюуга катышпайбыз», - деп Хамастын «негизинен Катар жана Египеттик ортомчулар аркылуу» Египеттеги ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жатканын кошумчалады.

Израиль да тынчтык саммитине өкүлүн жөнөтпөйт.

Геноцидчи Нетаньяхунун басма сөз катчысы Шош Бедросян жекшемби күнү Франс Пресс агенттигине: «Израилден эч бир расмий өкүл катышпайт», – деп маалымдады.

Саммитке Эрдоган менен катар Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Иорданиянын падышасы Абдулла, Бахрейндин королу Хамад бин Иса Аль Халифа, Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц катышат.

Египет саммиттин максаты «Газадагы согушту токтотуу, Жакынкы Чыгышта тынчтык жана туруктуулукту орнотуу аракеттерин арттыруу, ошондой эле аймактык коопсуздуктун жаңы этабын баштоо» экенин билдирди.

Трамп шаршемби күнү Израиль менен ХАМАСтын Газада ок атышууну токтотууга багытталган 20 пункттан турган планынын биринчи этабында макулдашканын жарыялаган.

Трамптын планынын биринчи этабы жума күнү күчүнө кирди.

2023-жылдын октябрь айынан бери Израилдин чабуулдарынан Газада 67,600дөн ашуун палестиналык каза болуп, аймак жашоого жараксыз абалга келди.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"