ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран Израилге карата катуу ракеталык кол салуу менен жооп кайтарды
Кол салуу Ирандын диний лидери Али Хаманейдин Израиль "согуш жарыясы" деп мүнөздөгөн кыймылына жооп катары "оор сокку" урарына байланыштуу убада бергенден бир нече сааттан кийин болду.
Иран Израилге карата катуу ракеталык кол салуу менен жооп кайтарды
/ AA

Иран Израилге каршы думандыктын күч алышы менен жүздөгөн баллистикалык ракета учурду. Иран медиасы Тель - Авивде түздөн түз атуулардын болгонун жана Коргоо министрлигинин штаб - квартирасы менен бирге маанилүү аскердик аймактардын жакынында өрттөрдүн чыкканын билдирди. Израиль медиасы да бул маалыматты ырастады.

Жума күнү кечинде болгон бул күтүүсүз чабуул Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жана Ислам Төңкөрүш Гвардиясынын корпусу (IRGC) тарабынан ырасталды. Бул Тегерандын Израилдин аймагына карата болгон түздөн-түз аскердик чабуулу катары катталды.

Ирандын расмий Press TV каналы ракеталык соккулардын "биринчи толкунунун" Тель-Авивде "түздөн-түз таасир" жаратканын билдирди. Ошол эле учурда Израилдин Channel 13 каналы бир нече ракетанын бөгөттөлө албагандыгын, өлкө боюнча ар кандай объектилерге тийгенин тастыктады.

Тель-Авивдеги AFP кабарчысы шаардын силуэтинин үстүнөн коюу түтүн көтөрүлүп, түнкүсүн жарылуу үндөрүнүн угулганын билдирди. Ири өкмөттүк жана коопсуздук мекемелеринин жанында өрт чыкканы кабарланып, өзгөчө кырдаалдар кызматтары зыянды көзөмөлгө алуу үчүн мобилизацияланды.

Ислам Төңкөрүш Гвардиясынын корпусу "Израилдеги ондогон бутага чабуул жасалганын" билдирди. Рейтер агенттигине маалымат берген бир ирандык жогорку мартабалуу жетекчи: "Израилде коопсуз жер калбайт, өч алуу катуу болот",- деди.

Израиль армиясы жалпы өлкөдө угулган жарылуулардын ийгиликтүү тоскоол болуу жана ракеталык соккулардын натыйжасы экенин моюнга алды. Бирок, жабыркагандар же зыяндын толук көлөмү тууралуу маалымат берилген жок.

Бул чабуул Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаменейдин Израиль согуш деп жарыялаган абалга каршы “оор сокку” уршарын билдиргенден бир нече сааттан кийин ишке ашты. Хаманей алдын ала жаздырылган кайрылуусунда : “Бул согушту Израиль баштады. Өч алуу катуу болот”,- деди.

Бул чабуул Израилдин жума күнү эртең менен Ирандын аймагындагы стратегиялык жана өзөктүк объектилерди бутага алган чабуулдарынан кийин болду.

Иликте
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты