ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Франциянын президенти Макрон Газадагы кырдаал баары үчүн уят иш экенин айтты
Макрондун билдирүүлөрүнө Израилден жооп кайтарылды
Франциянын президенти Макрон Газадагы кырдаал баары үчүн уят иш экенин айтты
Франциянын президенти Макрон Газадагы көрүнүш баары үчүн уят экенин айтты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, кээ бир өлкөлөр Газа тилкесинде тынчтык орноду деп ишенишсе да, аймакка гуманитардык жардам жетпей жатканын белгилеп, Газадагы абалдын уялтуучу экендигин баса белгиледи.

Макрон Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81 - сессиясында сөз сүйлөп дүйнөдө империализмдин кайтып келиши тууралуу көп айтылып жатканын белгиледи.

"Тынчтыкты орнотуу үчүн кайрадан чечкиндүүлүк менен аракет кылышыбыз керек"

Макрон согуш, тынчтык жана технология тармактарында күчтүү өлкөлөрдүн өз мыйзамдарын башкаларга таңуулоосуна каршы турууга чакырды. Ал адилеттүүлүк менен жалпы кызыкчылыктарды коргоонун маанисин белгилеп, дүйнөдө чечилбеген согуштар жана кризистер көбөйүп жатканын айтты.

Эммануэл Макрон дүйнөлүк тартиптин күчтүүнүн тартибине айланып жатканын белгилеп:«Биз ушундай дүйнөдө жашоону каалайбызбы?»,- деген суроону койду.

Макрон согуштарга байланыштуу чечимдерди БУУнун Уставына ылайык издөө керектигин жана бул маселеде кош стандарттарга жол берилбеши керектигин белгиледи.

«Европада элдердин эгемендүүлүгү баалуу экенин, бирок Африкага келгенде анын баалуулугу төмөндөгөнүн канча жолу уктук?» — деди Макрон.

«Газадагы көрүнүш — баарыбыз үчүн уят»

Макрон Ливандын толук эгемендүүлүгүн колдой турганын кайталап: "Толук эгемендүү Ливан гана Хизбулланы куралсыздандырып, Ливан элинин жана алардын коңшуларынын коопсуздугун камсыздай алат",- деди.

Эммануэль Макрон палестиналыктардын эгемендүүлүгүн баса белгилеп: "Бир жыл мурун ушул залда көптөгөн мамлекеттер Палестина мамлекетин тааныды. Кагаз жүзүндө тааныдыңыздар, чындыкка карагыла. Эгер аракетке өтпөсөк ишенимдүүлүгүбүздүн эмне мааниси жоголбойбу? Айрымдар Газа тилкесинде тынчтыктын орногонуна ишенүүдө бирок бул гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк берген жок. Көрүнүш ушундай, баарыбыз үчүн уялтуучу абал”.

Макрон оккупацияланган Батыш Шериада күн сайын адам укуктарынын бузулушуна күбө болуп жатышканын айтып, палестиналыктардын мыйзамдуу укуктары сакталышы керектигин баса белгиледи.

Ал бул дагы Израилдин коопсуздугу үчүн зарыл шарт экенин жана Израилдин коопсуздугу коңшу мамлекеттердин эгемендүүлүгүн бузуудан көз каранды деп эсептегендер чоң ката кетирип жатканын кошумчалады.

Француз лидери Сирияга да колдоо көрсөтүп, бул мамлекеттин эгемендигин жана биримдигин орнотуу үчүн иштеп жатканын билдирди.

Израиль каршылык көрсөттү

Израилдин премьер - министрлик кеңсесинен берилген маалыматта премьер - министр Беньямин Нетаньяхунун Макрондун билдирүүлөрүн айыптаганы белгиленип, айтылган сөздөр "уятсыз акылга сыйбаган нерсе" деп мүнөздөлдү.

Израилдин каржы министри Бецалел Смотрич Эммануэль Макронду социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө "калп айтуу” менен айыптады.

Иликте
Брюсселдеги коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салуу төрт жылга узартылды
Ирандын парламент спикери: «Трампты терең цивилизациялык, улуттук жана диний каршылык күтүүдө"
Түркия менен АКШ жаңы муундагы реакторлор боюнча келишим түзүп, ядролук кызматташтыгын кеңейтүүдө
Косовонун премьер-министри Түркиянын колдоосунан улам президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди
Cуданда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алтын базарына кол салуусунда  5 киши каза болду
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израилдин Газадагы чабуулдарынан 24 саатта дагы 5 адам каза болду
Түркиянын деңиз флотунун күчү Израилди жаңы суу астында жүрүүчү кемелерди сатып алууга мажбурлоодо
Франция Украинага абадан коргонуу системаларын берет
Ирактын премьер-министри Зейди АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио менен жолугушту
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты