САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп: АКШ Украина келишими үчүн "кысымды күчөтүүдө"
Финляндиянын президенти Стубб, Трамптын Газадагыдай Украинада да келишимге жетишээрине ишенгенин айтты.
Трамп: АКШ Украина келишими үчүн "кысымды күчөтүүдө"
Трамп: АКШ Украина келишими үчүн "кысымды күчөтүүдө" / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп, Кремлдин Украинага каршы согушту токтотуу боюнча узак убакытка созулган келишим үчүн НАТОдогу өнөктөштөрү менен бирге Орусияга кысымын күчөтүп жатканын айтты.

“Кысымды күчөтүп жатабыз. Биргеликте жүргүзүүдөбүз. НАТО мыкты иштеп жатат,” – деди Трамп бейшемби күнү Финляндиянын президенти Александр Стуббду Ак үйдө кабыл алып жатканда журналисттерге.

“Биз НАТОнун мүчөлөрүнө көп курал сатуудабыз жана бул куралдардын көбү, менимче Украинага кетип жатат. Бул алардын чечими, бирок АКШдан курал сатып алып жатышат. Биз дүйнөдөгү эң мыкты куралдарды жасайбыз,” – деп кошумчалады.

Трамп Вашингтондун Хельсинки менен уланып жаткан кызматташтыгын жогору баалап, жетөөсү АКШда жасала турган 11 муз жаргыч кемени биргелешип чыгаруу келишимине көңүл бурду.

Трамп Стуббга “Биз бааны катуу талкууладык, бирок сиздер жакшы иш кыласыздар деп ойлойм. Бизге муз жаргыч кемелерди жасоо боюнча тажрыйбаңызды үйрөтөсүздөр. Финляндия бул жаатта монополияга ээ. Эч ким Финляндиядай муз жаргычтарды жасай албайт. Бул тууралуу көптөн бери угуп келем. Башкача айтканда бизде жалпы 11 кеме болот” деди.

Стубб бул келишим эки тараптуу мамилелерди бекемдеп, биринчи кеменин 2028-жылы жеткирилиши күтүлүп жатканын айтты.

Трамптын Израиль менен Хамастын ортосундагы Газа келишиминен кийин Украина боюнча келишимди да ишке ашыра аларына ишенимин билдирген Стубб: «Менин оюмча бул кийинки чоң келишим болот»,-деди.

‘Испания менен сүйлөшүү’

Трамп Финляндияны жана жалпы НАТОнун аракеттерин мактаганы менен, Испанияны НАТОго киргизилген 5 пайыздык коргонуу каржылоолорунун көрсөтмөсүн аткарбаганы үчүн сынга алды жана бул өлкөнү альянстан чыгаруу керектигин айтты.

“Испания бул талапты аткарбаган жалгыз өлкө. Ошондуктан сиздер Испания менен сүйлөшүүнү башташыңыз керек. НАТОго мүчө болгон башка бардык өлкөлөр бул талапты аткарды, бирок Испания аны аткарган жок. Бул эмне үчүн экенин сиздер түшүнөсүздөр,” – деди.

“Алардын да абалы жакшы. Биздин жасаган иштерибиздин негизинде алар жакшы абалда. Бирок бул алардын шылтоосу болбошу керек. Балким аларды НАТОдон чыгарып салыш керек,” – деп кошумчалады Трамп.

Иликте
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"