ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Мексиканын президенти АКШнын Венесуэладагы аскердик кийлигишүүсүн айыптады
Президент Шейнбаум Мексиканын жерлерине ушул сыяктуу кийлигишүү ыктымалдуулугун четке какты.
Мексиканын президенти АКШнын Венесуэладагы аскердик кийлигишүүсүн айыптады
Маалымат жыйынында Шейнбаум Венесуэладагы абалга окшош ар кандай сценарийди четке какты. / Reuters

Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум АКШнын Венесуэлага аскердик кийлигишүүсүн жана президент Николас Мадуронун кармалышын айыптады. Латын Америкасына кандайдыр бир аскердик кийлигишүүгө каршы экенин билдирип, Мексика жерлерине окшош чабуулдун мүмкүн эместигин айтты.

Дүйшөмбү күнү эртең менен өткөргөн брифингде Шейнбаум Мексиканын чет элдик кийлигишүүнүн бардык түрлөрүн кескин түрдө четке кагарын билдирип, бул позиция Мексиканын Конституциясына гана эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына да негизделгенин белгиледи.

Шейнбаум: "Биз башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүнү кескин түрдө четке кагабыз. Латын Америкасынын тарыхы ачык жана чындык бул- кийлигишүү эч качан демократияны алып келген эмес, эч качан гүлдөп-өнүгүүнү жараткан эмес жана туруктуулукту камсыз кылган эмес", - деди.

Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын борбору Каракастагы бир нече буталарга абадан сокку урууга буйрук бергенден кийин уурдалган; Венесуэланын расмий өкүлдөрүнүн айтымында чабуулдарда кеминде 80 адам каза тапты.

Мексиканын тышкы иштер министри Хуан Рамон де ла Фуэнте да Трамптын администрациясынын аракеттерин сынга алып, БУУнун пассивдүүлүгүн айыптап, “БУУ бир тараптуу жана зордук-зомбулук аракеттерге каршы чечкиндүү чараларды көрө алган жок” деп билдирди. Ал: «Бириккен Улуттар Уюму дагы деле биздин негизги көп тараптуу органыбыз. Бул биздеги эң мыкты мекеме. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө ал гегемондук державалардын кыянаттыктарын чектөөдө өзүн натыйжасыз көрсөттү. Эл аралык укуктун күнүмдүк бузулушун айыптаганга алсыз бойдон калууда», - деди.

АКШнын Венесуэлага кийлигишүүсүнөн кийин дароо эле Трамп Мексика жана Колумбия сыяктуу башка Латын Америка өлкөлөрүн потенциалдуу бута катары атап, алар эл аралык баңгизат аткезчилигинин борборлору деп айтты.

Мексикага байланыштуу Трамп аскердик кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн кыйытып, Шейнбаум баңгизат картелдеринен «коркконун» жана бул картелдер өлкөдөгү чыныгы башкаруучу күч экенин баса белгиледи.

Басма сөз жыйынында Шейнбаум Венесуэладагы кийлигишүү сыяктуу ар кандай сценарийди четке кагып, «Басып кирүү болоруна ишенбейм. Менимче алар муну өтө олуттуу кабыл алышпайт», - деп билдирди.

Шейнбаум Трамп АКШнын аскерлеринин Мексикага кирүүсүнө бир нече жолу уруксат берүүнү сунуштаганын, бирок анын администрациясы бул сунушту кескин четке какканын айтты: "Биз абдан чечкиндүү түрдө жок дедик. Биринчиден өз эгемендүүлүгүбүздү коргоп жаткандыктан; экинчиден бул зарыл эмес болгондуктан", - деп түшүндүрдү.

Иликте
Кремль: "АКШга орус дизелин ташыган биринчи танкер жолго чыкты"
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду