ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эрдоган : Түркия кагылышууну эмес макулдашуу эгемендик кылган аймакты каалайт
Президент Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешине карата көптөн бери айтып келе жаткан сынын кайталап, кеңештин беш туруктуу мүчөсүнө кайрылуу менен ал атактуу сөзүн айтты : “Дүйнө бештен чоң”.
Эрдоган : Түркия кагылышууну эмес макулдашуу эгемендик кылган аймакты каалайт
/ AA

Түркия РеспбликасынынПрезиденти Режеп Таййип Эрдоган Анталья дипломатиялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө эл аралык адилеттик, аймактык макулдашуу жана кенен глобалдык тартипке чакырды. Бул чакырык Түркиянын дипломатиялык активдүүлүгүн жана гуманитардык кризистерге карата Батыштын аракетсиздигин сынга алганын көрсөттү.

Жума күнү башталган 4 -  Анталья дипломатия форумунда  сөз сүйлөгөн Эрдоган кагылышуунун ордуна диплогдун, геосаясий эсептердин ордуна моралдык тактыктын маанисин баса белгиледи.

«Кагылышуунун ордуна диалогду, уюлдашуунун ордуна акыл  - эстүүлүктү жана глоаблдык абийирди  артык көрөрүбүздү жарыялайбыз»,- деди. Бул жылы «Бөлүнгөн дүйнөдө дипломатияга ээ чыгуу» деген темада өткөрүлүк жаткан жогорку деңгээлдеги иш  -  чарага дүйнө лидерлери, дипломаттар менен саясат адистери  катышууда.

Президент Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешине карата сындарын кайталап : «Дүйнө бештен чоң» деген сөзүн эске салды.

«Анткени адамзат бештен чоң»,- деп учурдагы глобалдык башкаруу түзүмүнүн максатына  кызмат кылбагандыгын жана заманбап дүйнөнүн күтүүсүн жана демографиясын чагылдыруудан алыс экендигин жактады.

Анкара көп убакыттан бери өнүгүп келе жаткан өлкөлөр дагы күчтүү үнгө ээ болгонадилеттүү эл аралык системага чакырды.

Аймакка карата билдирүү : «Түркия бул жерде жана туруктуу»

Президент Эрдоган Түркиянын бул аймакта туруктуу болушуна жана лидерлигине катуу басым жасап, кылымдардан бери келе жаткан тарыхый байланыштарга жана улуттук өзгөчөлүктөргө токтолуп : "Биз бул географиянын тургундары гана эмес, ошол эле учурда негизги элементтерибиз. Биз  миң жылдан бери бул жепрдебиз, Кудай буюрса, дагы көптөгөн кылымдар ушул жерде болобуз»,- деди.

Эрдогандын бул билдирүүлөрү Түркиянын тышкы саясатын кайра калыптандырып, нормалдашуу үчүн кадамдарды жасап, Түштүк Кавказ, Балкан жана Жакынкы Чыгышта экономикалык жана дипломатиялык таасирин кеңейтип жаткан учурга туш келүүдө.

 Тынчтык жана бейпилдик көз карашы

Эрдоган тынчтык, өнүгүү жана бейпилдиктин негиздерине карата курулган аймактык көз карашты ортого салды.

«Биз кагылышуулардын эмес, макулдашуу түзүлгөн, кандын, көз жашынын, кыйынчылыктын ордуна бейпилдик өкүмдүу кылган аймакты көрүүнү каалайбыз деген Эрдоган  туруктуу жана камтуучу келечекти каалагандыгын айтты.

Түркиянын тышкы саясаты бүгүнкү күндө гана эмес, келечек муундардын дагы жакшы бир дүйнөдө жашашы үчүн калыптанганын баса белгиледи.

Израилди катуу сөздөр менен сынга алып, эл аралык үнсүздүккө карышылык көрсөттү

Эрдоган катуу сүйлөгөн сөзүндө Израиолдин Газада улантып жаткан аскердик кол салууларын «кыргын» деп мүнөздөп, эл аралык коомчулуктун үнсүздүгүнүн бул кылмышка өнөктөш болуу деген мааниге келгендигин айтты.

«Израилдин кыргындарына каршы үнсүз калуу, бул кылмышка  өнөктөш болуу», - зомбулукту токтотууда  жетишсиз болгон дүйнө күчтөрүн жана эл аралык мекемелерди түздөн түз сынга алды.

 Түрки Газадагы кол салууларга каршы ок атышпоого чакыруу салууга, гуманитардык жардамга жетүүнү талап кылууну жана жарандык жоготуулар үчүн эсеп берилиши керектигин талап кылууну улантууда.

Түркиянын дипломатиялык таасири күчөп баратат

Анталья дипломатия форуму Түркиянын глобалдык катышуусун жана  жумшак күчүн көрсөткөн маанилүү платформа болду. Форумга түрдүү континенттреден  лидерлер жана дипломаттар катышууда.

Быйылкы форум глобалдык туруксуздук күчөгөн, Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы абалдар жана көп тараптуу институттарга болгон ишенимдин бузулушу сыяктуу  глобалдык туруксуздуктар күчөгөн мезгилге туш келди.

Эрдогандын сүйлөгөн сөзү, Түркиянын азыркы глобалдык тартипке болгон нааразычылыгын жана күч саясатына негизделген бул тартиптин ордуна адилеттүүлүк, инклюзивдүүлүк (бардыгын камтуу) жана тынчтык негиз болгон жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүгө болгон каалоосун чагылдырат.

 

 

 

 

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"