ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Газаны калыбына келтирүү жана коопсуздугун турукташтырууда чечкиндүү
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Газадагы гуманитардык абалдын "азыр да оор экенин жана ок атышууну токтотуу эрежелери бузулуп жатканын" айтты.
Түркиянын президенти Газаны калыбына келтирүү жана коопсуздугун турукташтырууда чечкиндүү
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 2026-жылдын 19-февралында АКШнын Вашингтон шаарында өткөн Тынчтык Кеңешинин ачылыш жыйынында сөз сүйлөөдө. / AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдогандын Газадагы коопсуздукту турукташтыруу жана аймакты калыбына келтирүү боюнча чечкиндүүлүгүнүн улантылып жатканын айтты.

Фидан бул тууралуу Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамптын жетекчилигинде чогулган Тынчтык кеңешинин алгачкы жыйынында билдирди.

Фидан : «Адамдардын эки жыл кыйынчылык тартуусунан кийин, АКШ президенти Дональд Трамптын жеке кийлигишүүсү жана биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында Газада ок атышууну токтотуу келишимине жетишилди», — деди.

Бирок министр гуманитардык абалдын дагы деле кооптуу экенин жана ок атышууну токтотуу режимин бузуулар уланып жатканын белгилеп, тез арада координацияланган жана натыйжалуу жооп кайтаруу зарылдыгын кошумчалады.

Фидан : «Президент Эрдоган Газанын коопсуздугун турукташтыруу жана калыбына келтирүүдөгү чечкиндүүлүгүн улантууда. Түркия ансыз да Газага чоң көлөмдө гуманитардык жардам көрсөтүп келе жатат», — деп кошумчалады.

Хакан Фидан: “Саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын калыбына келтирүүгө, полиция кызматкерлерин окутууга олуттуу салым кошо алабыз. Эл аралык турукташтыруу күчтөрүнө аскер жиберүүгө да даярбыз. Түркия адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкка багытталган аракеттерди колдоону улантат. Мындай тынчтыктын пайдубалы эки мамлекеттүү чечим экенине ишенебиз. Аймактагы бардык элдердин пайдасына боло тургандай бул максатка карай бирдикте иштейли”,- деди.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды