ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Хамас Авдени "Кассамдын жогорку даражалуу командири" деп атап, анын "каршылык көрсөтүү операцияларынын негизин түптөгөн биринчи муунга" таандык экенин билдирди.
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Кассамдын командири Авда үчүн жаназа намазы окулду. / Сүрөт: АА.

ХАМАС куралдуу канаты болгон Кассам бригадаларынын жогорку даражалуу өкүлү Мухаммед Авденин Газа шаарында Израилдин соккусунан каза болгонун жарыялады.

ХАМАС шаршемби күнкү билдирүүсүндө Авденин шейшемби күнү кечинде Израилдин турак жайга жасаган соккусунан улам аялы жана эки уулу менен бирге каза болгонун билдирди.

Палестиналык каршылык көрсөтүү тобу Авдени "Кассамдын жогорку командири" деп мүнөздөп, анын "куралдуу каршылык көрсөтүү операцияларынын пайдубалын түптөгөн биринчи муунга" таандык экенин белгиледи.

Израиль армиясы шаршемби күнү эртең менен Газанын түндүгүндөгү соккудан Авдени өлтүргөнүн жарыялап, алнын кыска убакыт мурун ХАМАСтын куралдуу канатынын жаңы командири болуп шайланганын билдирди.

Израилдик маалымат каражаттары Авденин бул кызматка Иззеддин аль-Хаддаддын мындан кыска убакыт мурун өлтүрүлүшүнөн кийин дайындалганы тууралуу ырастоолорду да жарыялашты.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жана коргоо министри Исраэль Кац шейшемби күнү армиянын Газа шаарындагы аба соккусунан Авдени бутага алганын билдиришти.

Израилдин билдирүүлөрү Газа шаарынын борборундагы калк жыш жайгашкан аймак Курман айт майрамынын алдында катуу бомбалангандан кийин келди.

Иликте
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
АКШнын аскерлери Кариб деңизинде баңгизат аткезчилиги менен алектенген деп шектелген кемени атты
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды