АКШ Индиядан кийин Япониядан да орус энергия импортун токтотууну талап кылды

Япониянын каржы министри Кацунобу Като АКШнын каржы министри Скотт Бессенттин өтүнүчүнө комментарий берүүдөн баш тартып, Токио Украинада адилеттүү тынчтыкка жетишүү боюнча Чоң жетиликтин аракеттерин аткарарын билдирди.

АКШ Индиядан кийин Япониядан да орус энергия импортун токтотууну талап кылды / Reuters

АКШнын каржы министри Скотт Бессент шаршемби күнү Вашингтондун Япониядан орус энергия импортун токтотуусун талап кылганын айтты. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Индиянын Москвадан мунай сатып алууну токтоторун билдирген.

Бессент X платформасында Вашингтондун "Япония Орусиядан энергия импортун токтотот" деген күтүүсүн Япониянын каржы министри Катсунобу Като менен талкуулаганын айтты.

Япония мунай жана газды чет өлкөлөрдөн импорттоого көз каранды. 2023-жылы Япония Орусиядан суюлтулган жаратылыш газын (LNG) импорттоого 582 миллиард йен (3,9 миллиард доллар) сарптаган. Бул анын жалпы LNG импортунун 8,9 пайызын түзгөн.

Вашингтондогу япон медиасы Катонун Бессенттин комментарийлерине жооп берүүдөн баш тартканын маалымдады. Като “Мен башка министрлердин айткандарын талкуулагым келбейт" деди.

Япон министри ошондой эле "G7 өлкөлөрү менен биргеликте Украинада адилеттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз", - деп кошумчалады.

Трамп шаршемби күнү Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин ага Нью-Дели Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун убада кылганын айтты. Трамп журналисттерге "Билесиздер, бул дароо боло турган нерсе эмес. Бир аз убакытты талап кылат, бирок процесс жакында аяктайт", - деп билдирди.

Моди, Украинага басып киргенине карабастан Индиянын тарыхый өнөктөшү болгон Орусиядан мунай сатып алуусун коргоп келет.

Август айында Трамп Индиянын АКШга экспорттолгон товарларына тарифти 50 пайызга көтөргөн, анын жардамчылары болсо Индияны Орусиянын согушун каржылоого салым кошуп жатат деп айыпташкан.

Бессент ошондой эле Като менен АКШ-Япония соода жана инвестиция келишими аркылуу Япониянын АКШдагы стратегиялык инвестицияларын мобилизациялоо пландарын талкуулаганын айтты.