Конгодо 120 кишини ташыган кеме чөгүп, 70 адам дайынсыз болууда
Жергиликтүү маалымат каражаттары кемеде болжол менен 120 адам болгонун, азырынча 50 киши гана куткарылганын билдиришти.
Жергиликтүү маалымат каражаттары шаршемби күнү Конго Демократиялык Республикасынын борбордук бөлүгүндөгү Касай провинциясындагы дарыяда кеме чөгүп, болжол менен 70 адам дайынсыз жоголгонун маалымдашты.
БУУ радиосу билдиргендей, кеме Бена Дибеле портунан 800 чакырымдан ашык алыстыктагы борбор шаар Киншасага бара жаткан жана дүйшөмбү күнү Санкуру дарыясын каптаган куюндардын кесепетинен чөгүп кеткен.
Радиодогу кабарда «Кемеде 120 чакты адам бар болчу. Азырынча болжол менен 50 адам куткарылып, дайынсыз жоголгондорду издөө уланууда», — деп айтылды.
Жергиликтүү администратор Франсуа Ахока куткаруу топтору туш болгон кыйынчылыктарга көңүл буруп, үй-бүлөлөрдү куткарылгандардын жана сөөктөрдүн ким экенин аныктоо үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууга чакырды.
Конго Демократиялык Республикасында жолдордун көбү өтө шартсыз болгондуктан өлкөдө транспорт көбүнчө суу жолдору аркылуу жүргүзүлөт.