САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Коргоо министри: «Пакистан Индиянын беш согуштук учагын жана бир УУАсын атып түшүрдү»
Пакистандын Коргоо министри Хаваджа Асиф Индиянын Пакистанга жасаган чабуулунан сегиз жай тургун набыт болуп, 35и жарадар болгондон кийин Пакистандын Аскер-аба күчтөрү Индиянын беш согуштук учагын атып түшүргөнүн билдирди.
00:00
Коргоо министри: «Пакистан Индиянын беш согуштук учагын жана бир УУАсын атып түшүрдү»
A third generation of Pakistan Air Force JF-17 Thunders have been enhanced to outfox Indian air defences [File] / Reuters

Пакистан бийликтери жана жергиликтүү маалымат каражаттары Индиянын Пакистанга жасаган ракеталык соккусунан сегиз киши набыт болуп, 35 киши жараат алып, экөө дайынсыз жоголгондон кийин Пакистандын Аскердик Аба күчтөрү Индиянын Аскердик Аба күчтөрүнө таандык беш согуштук учагын атып түшүргөнүн кабарлашты.

Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф Индиянын беш согуштук учагы атып түшүрүлгөнүн шаршемби күнү билдирди.

Асиф Bloomberg агенттигине: «Аскердик соккулар токтотулса, биз Индия менен сүйлөшөбүз. Биз мунун күчөшүн каалабайбыз. Бирок Индия баштаган душмандык аракеттер улана берсе, биз жооп беришибиз керек»,-деп билдирди.

Пакистан армиясынын басма сөз катчысы генерал-лейтенант Ахмед Шариф Чаудринин Reuters агенттигине билдиргенине караганда, Пакистан Индия колдонгон үч Рафале учагы, Сухой СУ-30 жана МИГ-29ду атып түшүргөн.

Индиянын өкмөттүк булактары Reuters маалымат агенттигине Индия башкарган Кашмирде үч согуштук учак кулаганын тастыктады.

Индиянын расмий өкүлү жаракат алган учкуч ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Буга чейин Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар TRT World телеканалына берген маегинде талаштуу Кашмирдин Ахноор тилкесинде бир учак, Индиянын Амбала шаарында дагы бир учак жана Индия башкаруусундагы Кашмирдин Жамму аймагында бир учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөнүн айткан.

Пакистан армиясынын өкүлү Индиянын айрым коргонуу объектилери да жок кылынганын билдирди.

Индия Пакистандын дооматтарына азырынча жооп бере элек.

Индия башкарган Кашмирдин жашоочулары катуу жардырууларды угуп, ок-дарылардын кулап түшкөнүн көрсөткөн видеолорду бөлүшүшкөн.

Кашмирдин Индия башкарган Пулвама районундагы Вухан шаарында кыйраган согуштук учакты кайтарып жаткан индиялык жоокерлер тартылган видео социалдык медиада интернетке тарады.

ТийиштүүTRT Global - Casualties as India attacks Pakistan and Islamabad 'downs five jets' in retaliation

Пахалгамдын чабуулунун жаңырыгы

Өзөктүк куралы бар эки кошуна өлкөнүн ортосундагы тирешүү 22-апрелде Индия башкарган Кашмирде согушчан деп шектелгендердин кол салуусунда 26 киши набыт болгондон кийин курчуп кеткен.

Индия эч кандай далил келтирбестен кол салуу үчүн Пакистанды күнөөлөп, «чек арадан өткөн» байланыштар бар деп доомат койду.

Пакистан бул айыптоолорду кескин четке кагып, калыс иликтөөнү талап кылды. Бирок Индия бул чакырыкты колдогон жок.

Кашмир 1947-жылдан бери Индия менен Пакистандын ортосундагы талаштын борборунда. 

Козголоңчулар Индия башкарган Кашмирде 1989-жылдан бери козголоң чыгарып келет. Кашмирлик мусулмандардын көбү козголоңчулардын көз карандысыздык же Пакистанга кошулуу аракетин колдошот.

Индия коңшусу Пакистанды козголоңчуларды колдоп жатат деп көп айыптайт. Пакистан болсо Кашмирликтерге БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларында белгиленген өз тагдырын өзү аныктоо укугуна ылайык гана саясий, моралдык жана дипломатиялык колдоо көрсөтөөрүн билдирүүдө.

Индия кичинекей Гималай чөлкөмүнө 500 миңдей аскерин жайгаштырды.

Пахалгам чабуулунан кийин эки тарап тең жооп кайтаруу чараларын көрүштү.

Индия Пакистан менен болгон маанилүү Инд суу келишимин токтотту жана анын жалгыз иштеген кургактык чек арасын жапты. Ал жекшембиден тарта пакистандык жарандарга берилген визаларды жокко чыгарды.

Буга жооп кылып, Пакистан Индия жарандары үчүн визаларды жокко чыгарып, Индиянын авиакомпаниялары үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жаап, коңшусу менен соодасын токтотуп, Индия менен болгон Симла келишимин токтоткон.

Бул 1972-жылкы келишим тынчтык орнотуу жана эки тараптуу талаш-тартыштарды чечүү, өзгөчө Кашмир талашына басым жасоо максатында түзүлгөн.

Иликте
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди