ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Жапония 2040-жылга чейин жумушчу күчүндө 10 миллион робот колдонууну пландаштырууда
Жапония жумушчу күчүнүн азайышына каршы күрөшүү үчүн 2040-жылга чейин 18 башка тармакта жасалма интеллект менен иштеген 10 миллион роботту колдонууну пландаштырып жатканын билдирди.
Жапония 2040-жылга чейин жумушчу күчүндө 10 миллион робот колдонууну пландаштырууда
Жапония жумушчу күчүндө робот колдонот

NHK мамлекеттик телеканалынын Жапониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигине шилтеме кылып берген маалыматына ылайык, жасалма интеллект менен иштеген роботторго байланыштуу өкмөттүн стратегиясы жарыяланды.

Буга караганда, жумушчу күчүнүн азайышына каршы туруу үчүн 2040-жылга чейин 18 тармакта жасалма интеллект менен иштеген 10 миллион роботду колдонуу пландаштырылууда.

Роботтор колдонулушу күтүлүп жаткан 18 тармакка өндүрүш, инфраструктураны тейлөө, саламаттыкты сактоо, кам көрүү, кырсыктарга чара көрүү жана коргонуу кирет.

Компьютер экрандары менен гана чектелбестен физикалык дүйнөдө иштей ала турган жасалма интеллекттин түрлөрүн иштеп чыгуу долбооруна 380 миллиард япон иени бөлүнөт.

Экономика, соода жана өнөр жай министри Аказава Рёсей өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттерге белгилүү бир тармактар ​​боюнча маалыматтар чогултулуп жатканын жана булардын "Жапонияны роботтор үчүн жасалма интеллектти иштеп чыгууда лидер кылуу" максатында колдонуларын айтты.

Иликте
Министр Фидан : "Украинага абдан түшүмдүү сапар ишке ашырдык"
15 -  июлдан кийинки стратегиялык саясаттар
АКШ кечээ түнү Иранга каршы баштаган чабуулдарын токтотконун жарыялады
Иран: "АКШнын Ормуз кысыгына кийлигишүүсүнө жол бербейбиз"
Фидан-Сибига: «Ок атышууну токтотууга даярбыз, лидерлер Түркияда жолугуша алат»
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?