МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
Түркиянын Троя шаарында 4500 жылдык алтын брошь жана сейрек кездешүүчү жайташ табылды
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Эрте коло дооруна таандык брошту (кооздук буюму) «акыркы кылымдын эң маанилүү табылгаларынын бири» деп мүнөздөдү.
Түркиянын Троя шаарында 4500 жылдык алтын брошь жана сейрек кездешүүчү жайташ табылды
4,500-year-old golden brooch, rare jade unearthed at ancient Troy in Türkiye / AA
28 Сентябрь 2025

Түркиянын түндүк-батышындагы байыркы Троя шаарында археологдор 4500 жылдык алтындан жасалган брошь жана сейрек кездешүүчү нефрит ташын табышты. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой билдирди.

Министр Эрсой ишемби күнү социалдык тармактар аркылуу бул табылга тууралуу жарыялап, Эрте коло дооруна таандык болгон брошту “акыркы кылымдагы эң маанилүү табылгалардын бири” деп атады. Ал бул сыяктуу брошь дүйнөдө болгону үчөө гана бар экенин жана алардын ичинен эң жакшы сакталып калганын белгиледи.

Бул табылгалар Чанаккале шаарындагы Троя музейинде көрсөтүлөт

Троя II катмарынан табылган бул артефакттар болжол менен б.з.ч. 2500-жылдарга таандык. Министрлик бул ачылыш Троя II мезгилинин башталышы боюнча көптөн бери уланып келе жаткан талаш-тартыштарга жооп табууга жардам берерин билдирди.

Эрсой нефрит ташы 4500 жыл мурун кымбат баалуу буюм катары бааланганын белгиледи. Бул эки табылга, ошондой эле ошол эле катмардан табылган коло төөнөгүч менен бирге Чанаккаледеги Троя музейинде көрсөтүлөт.

160 жылдан ашуун убакыттан бери археологдор Гомердин “Илиада” жана “Одиссея” эпосторунда даңазаланган байыркы Троя шаарын изилдеп келишет. Бул шаар 1998-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген жана ал дүйнөдөгү эң маанилүү археологиялык жайлардын бири катары эсептелет. Троя шаары байыркы Анадолунун шаар курулушу жана соодасы тууралуу маалымат берет.

Министрлик бул табылгалар “тарых жашалган жерде тарыхка жарык чачат” деген принципке ылайык, табылган жеринде көрсөтүлөрүн билдирди.

Иликте
Эл аралык жаш ишкерлер конгресси Стамбулда өттү
Индонезия: Газа тынчтык күчү 20000 аскерден турушу мүмкүн
Грек премьер-министринин Түркия сапары карым  - катнаштарда жумшоонун белгисин берүүдө
Кытай Кубанын күйүүчү май көйгөйүн чечүүгө аракет кылууда
Россия кол салуусунда Украинанын Одесса облусундагы  энергетика объектисине сокку урду
АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөр ылдамдады: Иран Оманга коопсуздук кызматынын башчысын жөнөттү
Робот иттер 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубокто Мексика полициясына колдоо көрсөтөт
Түркиянын Roketsan компаниясы Риядда жасалма интеллект менен иштеген EREN ок-дарыларын көрсөттү
АКШ соту депортациялоонун жолун ачты: Трамп миңдеген адамдын коргоо макамын алып салууну көздөйт
Ливияда тез жардам тик учагы кулап, беш адам каза болду
Колумбиянын түндүгүндө катуу жааган жамгыр селдерге жана жер көчкүлөрүнө алып келди
Түркиянын тышкы иштер министри Иранга жасалган аба соккулары режимдин алмаштырбай турганын айтты
Японияда катуу жааган кар 46 адамдын өмүрүн алды
Орусиянын дрондору Одесса жана Харьков шаарларына сокку урду
Сириянын түндүк  - батышында болгон селден улам жүздөгөн киши жер которууга аргасыз болду