ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия жана Палестина министрлери Түркияга дарылоо үчүн эвакуацияланган газалык балдарга барды
Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ Палестинага жардам көрсөтүү жана тилектештиктин уланып жатканын баса белгиледи.
Түркия жана Палестина министрлери Түркияга дарылоо үчүн эвакуацияланган газалык балдарга барды
Гөкташ Израилдин кол салууларынын курдандыктарынын көбүн түзгөн Газадагы аялдар жана балдар үчүн кайгысын билдирди. / AA

Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ Анкаранын Палестинага жана Газа балдарына болгон колдоосун жана тилектештигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Гөкташ жана Палестинанын социалдык өнүгүү министри Самах Хамад ишемби күнү Израилдин чабуулдарынан кийин Газадан Түркияга алып келинген балдарга барып, ал абалын сурады.

Министрлер Анкара шаарындагы Билкент Салттуу спорттор, жаштар жана спорт клубунда балдар менен убакыт өткөрүшүп, жаа атуу иш-чараларына катышып, балдардын ат мингенин көрүштү.

Иш-чарадан кийин журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө Гөкташ: "Кечээ кандай болсо, бүгүн, эртең жана ар дайым палестиналык бир туугандарыбыздын жана газалык балдардын жанында болобуз," - деп билдирди.

Гөкташ Израилдин чабуулдарынын негизги курмандыктары болгон Газанын аялдары менен балдарына болгон кайгы-капасын билдирип: "Дүйнөнүн көз алдында жүргүзүлүп жаткан геноцидде эч кандай моралдык баалуулуктарды сактабаган Израиль, тилекке каршы, мектептерди жана оорукаларды бомбалоону улантууда," - деп айтты.

Ал Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында Түркия Палестина элинин үнү болуп кала берерин белгиледи.

Газадагы азык-түлүк жана гуманитардык жардам кризиси

Эки эл, бир максат

Өзүнүн кесиптеши Самах Хамад менен бирге Газанын балдарына билим берүү, саламаттыкты сактоо жана психосоциалдык колдоо жаатындагы аракеттерди көрүү үчүн барган Гөкташ Түркиянын бул темадагы чечкиндүүлүгүнө басым жасап, палестиналык бир туугандар жана Газа балдары менен тилектештикти уланта тургандарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Хамад Газанын балдары менен бирге болгонуна сыймыктанганын билдирип, Газадан эвакуацияланган оорулуу балдар жана Түркияда дарыланып жаткан алардын ата-энелери үчүн Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин көзөмөлү астында жасалган иштерди белгиледи. Ал Гөкташтын алардын муктаждыктарын жакындан көзөмөлдөп жатканына ыраазычылыгын билдирди.

Хамад: «Газада уланып жаткан кол салуулар жана ачарчылык ар бир палестиналыкка таасир этет, муну биз билебиз», - деди. Буга кошумча: «Газага дээрлик 80 күндөн бери эч кандай азык-түлүк же гуманитардык жардам жеткен жок. Суу, саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөлөр үчүн билим жок, көптөгөн адамдар өмүрүнөн ажырады. Бүгүн биз жолуккан балдардын көбү жок дегенде бир жакынынан айрылды»,-деп айтты ал.

Ыраазычылыгын билдирген Хамад бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды «бир максатта бириккен эки эл» катары бекемдейт деген үмүтүн билдирди.

Гөкташ президент Эрдогандын 2026-2035-жылдар аралыгын «Үй-бүлө жана калктын он жылдыгы» деп жарыялоосунан кийин Түркиянын билим берүү, саламаттыкты сактоо, жумуш менен камсыз кылуу, эмгек жана социалдык тармактарда үй-бүлөгө багытталган саясаттарга артыкчылык берерин кошумчалады.

Иликте
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Түркиянын биринчи 6 айдагы мунай өндүрүшү 23,1 миллион баррелге жетти
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Түркия менен катар 7 өлкө Израилге каршы чыгышты
Президент Эрдоган: «Египет Мекке келишимине кошулушу мүмкүн»
Түркиянын элчиси: «Түркия-Сирия чек арасындагы «коопсуздук көйгөйлөрү» жоюлду»
Ракета өндүрүү үчүн Түркиянын эшиги кагылышы мүмкүн
TRT Казакстандагы маалымат каражаттары үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды өткөрөт
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
Түркия-Пакистан-Сауд Арабиясынын коргонуу келишими аймактык коопсуздукту бекемдейт
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Барзани "Террорсуз Түркия" процесси боюнча алкактык мыйзамды колдоду
Президент Эрдоган: Аймактын маселелерин аймактын өз актерлору чечиши керек