АКШ баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге сокку урду

Пентагондун башчысы Пит Хегсет "наркотеррорист" экени айтылган эки адамдын АКШнын президенти Дональд Трамп уруксат берген сокку урууда өлтүрүлгөнүн билдирди.

By
АКШ баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге сокку урду / Reuters

АКШ Чыгыш Тынч океанындагы эл аралык сууларда баңгизат ташууга шектелген кемеге сокку урду.

Пентагондун башчысы Пит Хегсет X платформасында «Согуш министрлиги бүгүн президент Трамптын көрсөтмөсү менен Террордук уюм (DTO) тарабынан башкарылган кемеге өлүмгө алып келген кинетикалык чабуул жасады», – деп билдирди.

АКШнын чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, бул кеме “баңгизат аткезчилиги, белгилүү нарко-трафик жолдорунда жүрүү жана баңгизаттарды ташуу” менен алектенген.

Хегсет кол салууда АКШнын бир дагы кызматкери жабыркабаганын белгилеп, кемедеги эки эркек "наркотеррорист" өлтүрүлгөнүн кошумчалады.

«Америкага баңгизат ташып, жарандарыбызды ууландырууну көздөгөн ар бир кемени таап, жок кылабыз. Мекенди коргоо – биздин эң башкы милдетибиз. Американын аскер күчтөрүнө каршы эч бир картел террористи туруштук бере албайт», – деди.

Шейшемби күнкү сокку бул аймактагы баңгизат ташууга шектелген кемелерге каршы АКШнын жүргүзүп жаткан операцияларынын акыркысы болуп калды.

Сентябрь айынан бери Вашингтон президент Трамптын Кариб деңизинде жана Тынч океанынын чыгышында баңгизат аткезчилигине бөгөт коюу максатына ылайык ушул сыяктуу көптөгөн чабуулдарды жасады.