Даниянын борбору Копенгагенде 2-октябрга өтө турган Европанын Саясий Шериктештигинин жетинчи саммитинин алдында өлкө боюнча бардык жарандык дрон учууларына тыюу салынды. Транспорт министрлиги мындай чечим коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирди.
22-сентябрдан бери Даниянын аймагында белгисиз дрондордун байкалышы бир нече аэропорттун жабылышына себеп болду. Дания бул окуяларга Орусиянын катышы болушу мүмкүн деп шек саноодо, бирок Москва бул айыптоолорду четке какты.
Копенгагенде шаршемби жана бейшемби күндөрү Европа Биримдигинин саммити өтөт.
Транспорт министри Томас Даниелсен өз билдирүүсүндө “Дания келерки жумада Европа Биримдигинин лидерлерин кабыл алат жана биз коопсуздукка өзгөчө көңүл бурабыз. Ошондуктан дүйшөмбүдөн жумага чейин Даниянын аба мейкиндигинде бардык жарандык дрондордун учуусуна тыюу салабыз”, - деди.
“Ушундайча биз душмандын дрондорун мыйзамдуу дрондор менен чаташтыруу коркунучун жоёбуз”, - деп кошумчалады.
Тыюу салуу коопсуздук органдарына колдоо көрсөтүүнү көздөйт.
Адилет министри Питер Хуммелгаард ошол эле билдирүүдө бул тыюунун максаты полиция жана башка органдардын ишин жөнөкөйлөтүү экенин айтты.
“Полиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат жана биздин органдар өз күчтөрүн даниялыктар менен конокторубуздун коопсуздугун камсыз кылууга багытташы керек” деди.
Министр тыюунун полициянын коопсуздукка жана тартипке коркунуч келтирбеген жарандык дрондорго убакыт коротпошуна шарт түзөрүн белгиледи.
Даниянын полициясы ишемби күнү коомчулуктан дрондордун учуусу боюнча 500дөн ашуун билдирүү алганын, бирок булардын көбү маанилүү эмес экенин кабарлады.














