САЯСАТ
5 мүнөт окуу
Нетаньяхунун  Израилдин сот системасын  карап чыгуу аракетинин артындагы чындык
Беньямин Нетаньяху бийлигин чыңдоо жана жоопкерчиликтен качуу үчүн саясий ажырымды тереңдетип, алсыз коалициясын дагы да алсыратып, Израилдин экономикасын дестабилдештирүү коркунучунда турат
00:00
Нетаньяхунун  Израилдин сот системасын  карап чыгуу аракетинин артындагы чындык
Нетаньяху / Reuters

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху өкмөтүнө соттук дайындоолорду көзөмөлдөөнү күчөтө турган жана өлкөнүн Жогорку сотунун көз карандысыздыгын олуттуу түрдө алсырата турган талаш - тартыштуу соттук реформалары боюнча аракеттерин жаңылоодо.

Бул жылдын башында массалык нааразычылыктарга жол ачкан бул сунуштар Израилдин тарыхындагы эң чоң митингдерге жол ачып, мыйзамдын убактылуу тоңдурулушун аргасыз кылган.

Нетаньяху өкмөтү реформаларды демократияны бекемдөө үчүн зарыл экендигин айтып мыйзамдаштырууда.  Өнөктөштөрү да Жогорку соттун парламенттин ишине кийлигишүүнү токтотууну колдой тургандарын билдиришти.

Бирок чындыктар башка.

Жоопкерчилик коркуулары

Нетаньяхунун сот реформасы боюнча кабыл алган жаңы позициясы, бул жумада паракорчулук, алдамчылык жана ишенимди кыянаттыкка колдонуу жана  коррупция боюнча айыптоолордон улам сот алдына чыгышынан кийин келди.

Өзгөчө 7 -  октябрда Хамас тарабынан Израилге жасалган кол салуулардын жоопкерчилиги үчүн  коомчулуктан келген талаптар да күчөп баратат. Кенен адилеттүү териштирүү Нетаньяху башкаруусунун даярдыгы же даяр эместиги тууралуу зыян келтирүүчү фактыларды ачыкка чыгарышы мүмкүн жана Нетаньяхунун өзү да болгон башка жогорку мартабалуу жооптууларды да  жоопкерчиликке тартышы мүмкүн.

Ушунун негизинде реформалар принциптерден башка премьер  - министрди жана өкмөтүн көзөмөлдөөдөн жана жыйынтыктарынан коргоого карата багытталгандай.

Кол салуулардан кутулгандардын жана барымталардын жакындарынын жол башчылыгында жакында жарыяланган комиссия отчету, Нетаньяхуну жогорку деңгээлдеги чечим чыгаруу механизмдерин жок кылуу жана   7 - октябрдагы кол салууларга мүмкүнчүлүк түзгөн шарттарды түзүү менен айыптады.

Жогорку соттун Нетаньяхунун жүрүм  - туруму тууралуу териштирүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн саясий болбогон сот дайындай турган болсо элдин нааразычылыгы күчөшү мүмкүн, бул сценарийди алдын алууда премьер-министр чечкиндүү.

Мамлекеттик териштирүү комиссиясы баштатыла турган болсо Нетаньяхунун согушка чейинки аракеттерин тыкыр текшерип, айыптоо үчүн негиз даярдоо үчүн көп сандаган күбө алып келиниши мүмкүн.  Бул да Нетаньяхунун кол салууларды актап чыгаруу аракеттерин жана кылмышты армияга жүктөө каалоосун кыйындата тургандай.

 

Бирок коомчулуктун кысымы таасирин көрсөтө баштады. Нетаньяхунун сот системасын реформалоо планынын негизги архитектору болгон Ярив Левин Жогорку соттон келерки жылдын  январь айынын ортосуна чейин жаңы башкы судьясын дайындоо үчүн келген чакырыктар менен бетме – бет келип турат.

Бул жагдай  премьер  - министрдин дайындоо процессин кечеңдетүү жана Нетаньяху менен оңчул коалицияга жага турган сотту алып чыгуу аракеттерин кыйындатат. Убакыттын тардыгына көңүл бурулганда премьер  - министрдин реконструкциялоо планына каршы чыккан солчул сот Исаак Амиттин жогорулашы барган сайын ишенимдүү такталууда жана Нетаньяхунун күчкө ээ болушун  кыйындатууда.

Өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн киришкен бул жарышта Нетаньяху сот реформасы үчүн басым жасоонун  Израиль калкын дагы да алыстатуу коркунучун унуткандай көрүнөт.  Бул темага көпчүлүгү үчүн  азыр да Газада кармалып тургандыгына ишенилген барымталардын бошотулушу сыяктуу актуалдуу артыкчылыктардан алаксытуу катары каралууда.

Нетаньяху барымталардын АКШнын колдоосу менен бошотуларына байланыштуу ишенимин билдирсе да каза болгон деп эсептелген көптөгөн туткун тууралуу азырынча маалымат бере элек. Элдик нааразычылыктар улантылууда жана оппозициянын тынч кетпей тургандыгын көрсөтүүдө.

 

Коалиция кыйынчылыктары

Сот бийлигин ооздуктоого басым жасоо Нетаньяхунун алсыз коалициясынын ичиндеги ажырымды дагы да тереңдетиши мүмкүн. Өткөн жылы өкмөткө каршы чоң митингдер ашыкча оңчул өкмөттү көп сандаган митингчи менен карама  - каршы алып келип, күч колдонгон деген айыптоолорду күчөтүп, чыңалууну ого бетер курчуткан.

Нетаньяху ашыкча оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен  - Гвирди кызматын кыянаттык менен колдонду деген ырастоо менен кызматтан алышы үчүн Израиль  башкы прокуратурасынын кысымы астында. Ушул себептен соттук реформалар үчүн жасала турган жаңы бир кысым Нетаньяхунун ынандырарлык көпчүлүктү сактап калуу үчүн маанилүү.

Нетаньяхунун ультра-православдык коалициядагы өнөктөштөрү да Нетаньяхунун алдындагы башка бир маанилүү тоскоолдук. Премьер  - министр алардын негизги талабы болгон ультра -  православ  еврейлерди аскердик кызматтан бошотуу талабын  камсыз кылбастан кандайдыр бир соттук реформаны турмушка ашырууда кыйналат. Нетаньяху ушул кезге чейин коалициядагы союздаштарын өз кызыкчылыктарынын жакшы сакталгандыгы боюнча көндүрүүдө кыйналды.

Премьер  - министр талаптары үчүн кысым кыла турган болсо ультра  - православдардын аскердик  кызматтан бошотулуу ыктымалын жойгон Израиль Жогорку соту менен беттешүү коркунучу бар. Бир тараптан бул талаптарды көрбөстүккө сала турган болсо соттук реформаларын тез арада ишке ашыруу максатына жете албай калышы мүмкүн.

Өкмөттүн сабыры түгөнүп  баратат жана оңой тандоо жолу да жок. Ультра  - православдык  бөлүктүн алдыңкы ысымдары өкмөттүн аракетке өтпөшүн жамааттарына каршы «согуш» жарыялоо катары кабыл ала баштады.

Мурдагы башкы раввин Ицхак Йосеф да жумушсуз израилдиктерди аскерге барууну четке кагууга чакырып өкмөткө каршы туруунун күчөп бара жаткандыгын белгиледи. Нетаньяху соттук реформаларды улантууга чечим чыгара турган болсо  да бул абал ашкере оңчулдарды алаксытуу тактикасы катары көрүнүшү мүмкүн. Күч алган чыңалуу ансыз да алсыз коалициясын алсыратып ал түгүл кулатуу потенциалына да ээ.  

Экономикалык тобокелдик

Бул бардык драманын ортосунда Нетаньяхунун соттук амбицияларынын экономикалык кесепеттери Израилди туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн экенин белгилей кетүү маанилүү. Сунуш кылынган кайра карап чыгуу карыздык чыгымдарды көтөрүү, Израилдин жогорку технологиялык секторуна доо кетирүү жана шекелди алсыратуу коркунучу бар. Өкмөткө каршы нааразычылык акцияларынын кайра жанданышы чет элдик инвесторлордун ишенимине доо кетирип, натыйжада кредиттик чыгымдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Тарых маанилүү бир колдонмо : өткөн жылы болгон чоң митингдер экономиканы  жабылуунун босогосуна алып келген жана миллиарддаган долларлык чыгымга жол ачкан.  2025 -  жылы тобокелдиктер  дагы да жогору болот.

Нетаньяху  өкмөтү 60 000ге жакын Израиль компаниясынын  жабылуу коркунучу астында турган кезде өсүү багытындагы реформаларды  жүргүзүүдө ансыз да кыйналып жатат.

Жаңы бир элдик оппозиция коркунучу да Газа согушу менен термелген экономикада белгисиздикти арттырышы мүмкүн. Булардын  баары өкмөттүн үнөмдөө чаралары боюнча кысымды белгилеп жана өсүп бараткан бюджет кемчилигин көзөмөлгө алуу аракеттеринде кыйынчылык жаратат.

Нетаньяхунун талаш – тартыштуу реформалары үчүн кысымга алуунун Израилдин «демократиясын» коргоо менен байланышы жок.

Тескерисинче 7 -  октябрь ийгиликсиздигинин жоопкерчилигинен качуу аракети. Негизинен элдин чыдамы кетип, саясий кысымдар күчөгөн сайын Нетаньяхунун Израиль сотун кайрадан калыптандыруу  аракеттери өкмөттү кулоонун босогосуна алып келет.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты