ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
1 мүнөт окуу
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту
Казакстан менен Түркия эки өлкөнүн аймагында мыйзамдуу негизи жок адамдарды кайтаруу боюнча кабыл алуу келишимине кол коюшту.
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту
Министр Чифтчи Казакстанда ТМУнун ички иштер министрлеринин жыйынына катышты

Түрк Мамлекеттери Уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга барган Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи борбор шаар Астанага болгон сапарынан кийин Түркстан шаарына барды.

Сапарынын жүрүшүндө министр Чифтчи Кожа Ахмед Ясавунун күмбөзүнө жана Ахмед Ясаву университетине барды ошол эле учурда Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланды. Талкууланган темалардын арасында трансулуттук кылмыштарга жана киберкылмыштарга каршы күрөшүү, издөө операциялары, миграция коопсуздугу, кадрларды даярдоо жана тиешелүү бөлүмдөрдүн ортосундагы түз кызматташуу болду.

Жолугушуудан кийин министрлер Казакстан менен Түркиянын ортосундагы кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту.

Министр Саденов сөзүндө Казакстан менен Түркияны бир туугандык мамилелер жана жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимдин байланыштырып турганын, бул эки өлкөнүн мекемелеринин ортосундагы конкреттүү кызматташтыкта ​​чагылдырылганын билдирди.

Тараптар мекемелердин ортосунда түз байланышты өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууну көбөйтүүгө жана алдыдагы мезгилде коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен ишти күчөтүү боюнча макулдашышты. Кайра кабыл алуу келишими эки өлкөнүн миграция тармагындагы кызматташуусунун укуктук базасын бекемдөөгө жана эки өлкөнүн тең аймагында болууга юридикалык негизи жок адамдарды кайтарып берүү жол-жоболорун аныктоого багытталган.

Иликте
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз