ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Макрон:Трамп менен Путиндин ыктмалдуу жолугушуусуна Украина менен Европа да кошулушу керек
Франциянын президенти: "Украинанын тагдыры талкууланып жаткан учурда украиндер да столдо болушу керек",- деди.
Макрон:Трамп менен Путиндин ыктмалдуу жолугушуусуна Украина менен Европа да кошулушу керек
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович менен кол алышып учурашты. / Reuters / Reuters

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Будапештте боло турган жолугушуусунда украиндер менен европалыктардын “столдо болушу керектигин" айтты.

Дүйшөмбү күнү Словенияда өткөн Европа Биримдигинин Жер Ортолук деңиз саммитинен кийинки маалымат жыйынында Макрон ыктымалдуу жолугушууну “абдан жакшы нерсе” деп сыпаттады жана “президенттер эки тараптуу күн тартибин талкуулай алышат” деди.

Макрон:"Украинанын тагдыры талкууланганда украиндер да столго отурушу керек. Европанын коопсуздугуна таасир эткен маселелер талкууланганда европалыктар отурушу керек. Мен муну гана айта алам",- деп кошумчалады.

Макрон да Франциянын Украинага колдоосун кайталап, өлкөнүн уланып жаткан согушка каршы туруктуулугун баса белгиледи.

Лондондо болгон жыйын

Макрон өзгөчө: “Украина тайманбастык менен каршылык көрсөтүп, инновацияларды жана өндүрүштү улантууда. Жума күнү айрым катышуучулар жеке, айрымдары видео аркылуу катыша турган "ыктыярчылар коалициясынын" жыйыны болот жана (Украинанын президенти) Владимир Зеленский да ошол жерде болот. Ушундай жол менен алдыга жылууну улантуудабыз", - деди.

Украинага байланыштуу ар кандай тынчтык эл аралык мыйзамдарга ылайык «бекем жана туруктуу» болушу жана узак мөөнөттүү ырааттуулуктун камсыздалышы керектигин баса белгилеген Макрон: «Башка эч кандай (тынчтык) жок. Ал эми европалыктар бул боюнча ар дайым ачык айтып келишкен»,-деп кошумчалады.

Өткөн аптада Трамп Зеленскийди Россия менен келишим түзүүгө чакырып, эки тарап тең учурдагы фронттук линияларда кагылышууну токтотушу керектигин айткан. Зеленский болсо Украинанын Москвага эч кандай жол бербей тургандыгын кайталады.

Өткөн бейшемби күнү болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө Путин менен Трамп бетме-бет жаңы жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты жана эки тараптын өкүлдөрү саммитке даярдыктарды дароо баштоо боюнча макулдашышты. Эки лидердин жолугушуусу үчүн Будапешт ыктымалдуу жер катары каралууда.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"