САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Зеленскийден Евробиримдикке чакырык: Венгриянын ветосу жоюлушу керек
Украинанын президенти, өлкөсүнүн Европага интеграцияланышы эң башкы приоритет бойдон калууда деп билдирди.
Зеленскийден Евробиримдикке чакырык: Венгриянын ветосу жоюлушу керек
Ukraine’s European integration remains a top priority, says Zelenskyy / AP

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү, анын өлкөсү ЕБ Кеңешинин Дания төрагалыгы астында Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдүн бардык бөлүмдөрүн ачууга даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Украинанын Евробиримдикке мүчөлүк жолунда илгерилешине тоскоол болгон Венгриянын ветосуна да чечим табууга чакырды.

Зеленский бул сөздөрүн Римде өткөн Украинаны калыбына келтирүү конференциясынын алкагында Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Кеңешинин төрагасы Антонио Коста менен жолугушуудан кийин айтты.

“Мен аларга 2 миллиард евродон ашык (2,3 миллиард доллар) жаңы колдоо пакети үчүн ыраазычылык билдирдим. Украинаны калыбына келтирүү үчүн Европа флагмандык фондунун түзүлүшү да маанилүү. Бул фонд Украинага көбүрөөк инвестиция тартууга жардам берет,” – деди Зеленский.

Ал Украинанын Европа Биримдигине интеграциясы башкы приоритет бойдон кала берерин баса белгилеп, “Венгриянын ветосу үчүн чечим табылышы керек” деп кошумчалады.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинанын Европа Биримдигине кошулуу мүмкүнчүлүгүнө катуу каршы чыгып, согуш жүрүп жаткан өлкөнү интеграциялоо биримдиктин туруктуулугуна олуттуу коркунуч жаратарын эскерткен.

Зеленский Германия, Финляндия, Польша жана Болгария лидерлери менен өз- өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен жолугушуудан кийин Зеленский Берлинге аскердик колдоосу, өзгөчө абадан коргонуу системалары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Германиянын дрон өндүрүшүн кеңейтүүгө колдоосун кубаттап, Украинанын Евробиримдикке мүчөлүк жолунда негизги ролду ойной ала турган өлкө экенин айтты жана “Германия биздин Европа Биримдигине жолубузду ачууга жардам бере турган таасирдүү жана кадыр-барктуу өлкө,” – деди.

Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо менен жолугушууда Зеленский Финляндияга ырааттуу колдоосу жана реконструкциялоо форумуна фин компанияларынын күчтүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Украинанын президенти, орус-иран учкучсуз аппараттарынын чабуулдарына каршы туруу үчүн Украинанын дрон өндүрүшүн көбөйтүү боюнча биргелешкен демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Зеленский Болгариянын премьер-министри Росен Желязков менен жолугушуусунда энергетикалык коопсуздук боюнча кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашканын билдирди. Ал ошондой эле Болгарияга Украинанын Евробиримдикке кирүүсүн колдогону жана Каалоочулар коалициясына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Зеленский Польшанын премьер-министри Дональд Туск менен да жолугушуп, Польшанын коргонуу жардамдары, конференцияга катышуусу жана Европа Флагмандык Фондго кошулганы үчүн ыраазычылык билдирди. Польша менен SAFE программасынын алкагында кызматташууга жана биргелешкен курал өндүрүшүнө кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле Польшанын эл аралык жардам үчүн “негизги логистикалык жана транзиттик борбор” катары маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ушул эле күнү президент, 32 өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрүн камтыган Каалоочулар коалициясынын жыйынына катышты.

Бул жыйынга биринчи жолу генерал Кит Келлог жана АКШ сенаторлору Линдси Грэм жана Ричард Блументал сыяктуу ишмерлер да катышты.

Зеленский бул коалициянын маанилүүлүгүн баса белгилеп, “Каалоочулар коалициясынын форматы биз үчүн маанилүү – узак мөөнөттүү коопсуздук жана уланып жаткан орус чабуулдарынан коргоо үчүн иштеп жатат ,” – деди.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды