Шейшемби күнү АКШ Токионун президент Дональд Трамп менен түзгөн соода келишиминин алкагында убада кылган 550 миллиард долларлык чоң сумманын Япония тарабынан жасала турган алгачкы инвестициялык бөлүгүн жарыялады.
Япониянын АКШ ишке ашырган төмөн бажы тарифтерине жооп катары 2025 - жылы берген убадасын аткаруу тууралуу кысымдар күчөп, үч инфраструктуралык долбоор үчүн 36 миллиард доллар убада берилди.
Трамп өзүнө таандык Truth Social платформасы аркылуу: “Япония АКШга карата 550 миллиард долларлык инвестиция убадасынын биринчи этабын учурда расмий жана каржылык жактан баштап жатат», — деп билдирди. Трамп өзгөчө : “Бул долбоорлордун масштабы абдан чоң болгондуктан өзгөч бир сөз болбостон аткарыла алмак эмес; ТАРИФТЕР”,- деп кошумчалады.
Бул билдирүү Премьер-министр Санаэ Такаичинин келерки айда Ак үйгө пландалган иш сапарынын алдында жана Трамптын октябрь айындагы Японияга болгон сапарынан кийин жасалды.
Такаичи шаршемби күнү бул долбоорлор «маанилүү минералдар, энергетика жана жасалма интеллект/маалымат борборлору сыяктуу экономикалык коопсуздук үчүн стратегиялык мааниге ээ тармактарда Япония менен АКШнын биргелешкен туруктуу жеткирүү чынжырларын куруусун камсыз кылуу аркылуу Япония-АКШ альянсын бекемдей турганын билдирди.
Такаичи X платформасындагы баракчасында: «Бул демилгелер Япония менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу, экономикалык коопсуздукту жогорулатуу жана экономикалык өсүштү колдоо сыяктуу Стратегиялык инвестициялык демилгенин максаттарын толук ишке ашыраарына ишенебиз», — деп жазды.
«Чоң соода жеңиши»
Долбоорлор Огайо штатындагы жаратылыш газ объектисин, Мексика булуңундагы терең суу мунай экспорттоочу жайын жана жасалма алмаз өндүрүүчү заводун камтыйт.
АКШнын Соода министри Говард Лютник билдирүүсүндө бул кадамдарды: «УЛУУ АМЕРИКАНЫН АЛГАЧКЫ СООДА ЖЕҢИШИ»,- деп мүнөздөдү.
Лютник X аркылуу газ объектисинин “тарыхтагы эң ири” долбоор болорун, 9,2 гигаватт энергия өндүрөрүн жазган.
Такаичи мунун жасалма интеллект маалымат борборлорун жана ушул сыяктуу мекемелерди электр энергиясы менен камсыз кыла турганын белгиледи.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, бул ишкана толук кубаттуулукта иштегенде тогуз өзөктүк реакторго тең келет же болжол менен 7,4 миллион үйдү камсыздай турган деңгээлде энергия өндүрөт.
Лютник мунай долбоорунун АКШнын чийки мунай экспортунан жылына 20-30 миллиард доллар киреше алып келерин жана «Американын дүйнөдөгү алдыңкы энергия берүүчү позициясын бекемдей турганын» айтты.
Министрдин айтымында, учурда Кытай үстөмдүк кылган жасалма алмаз порошогун өндүрө турган ишкана АКШнын бул тармакта импортко көз карандылыгын жоёт.
АКШнын соода министри: «Япония бул үч долбоор үчүн тең капитал (каржы) бөлүп берет. Ал эми инфраструктура АКШда курулат», — деп кошумчалады.
Кирешелер эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келе тургандай иреттелгенин белгилеген Лютник: «Бул түзүмдүн аркасында Япония өз пайдасын алат, ал эми Америка стратегиялык активдерин көбөйтүп, өнөр жай кубаттуулугун кеңейтет жана энергетикадагы лидерлигин чыңдайт», — деди.
«Калыбына келтирүү жана кеңейтүү»
Ак үйдүн маалыматы боюнча, өткөн жылдын июль айында Токио 2029-жылга чейин «Американын негизги өнөр жай тармактарын кайра куруу жана кеңейтүү» үчүн 550 миллиард доллар инвестиция салууга макул болгон.
Бул милдеттенме Япониядан импорттолгон товарларга карата АКШнын 25 пайыздык бажы тарифи коркунучун 15 пайызга чейин төмөндөтүлүшүнө байланыштуу кабыл алынган.
Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министри Рёсэй Аказава 550 миллиард доллардын 1-2 пайызы гана накталай каражат болорун билдирди.
Калган бөлүгү Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы (JBIC) тарабынан берилген облигациялар, насыялар жана мамлекеттик кепилдиктеги кредиттик линиялардан турат.
Такаичинин 19-мартка пландалган Ак үйгө иш сапарына убакыт аз калгандыктан, маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, тараптардын ортосундагы чыңалуу күчөй баштаган.
Январь айында Трамп 350 миллиард доллар инвестиция салууну пландаган Түштүк Кореяны «келишимди аткарбаганы» үчүн айыптап, тарифтерди жогорулата турганын айткан.
Аналитиктер япон компаниялары административдик жана каржылык процедуралардагы белгисиздиктер, ошондой эле АКШдагы жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам этияттык менен мамиле кылышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.









