ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Газа флотилиясынын активисттерин Греция менен Словакияга депортациялады
Акыркы бир канча күндүн ичинде 170 Палестина активисттин депортациялаган Израиль дүйшөмбү күнү массалык депортациялоо операциясын ишке ашырды.
Израиль Газа флотилиясынын активисттерин Греция менен Словакияга депортациялады
Израиль күчтөрү шаршемби күнү Глобалдык Сумуд флотилиясынын кемелерин басып алып, 470тен ашуун активистти камакка алды. / Сүрөт: Reuters / Reuters
7 Октябрь 2025

Израиль дүйшөмбү күнү Газанын мыйзамсыз блокадасына каршылык көрсөткөн жардам флотилиясына катышкан 171 эл аралык активистти депортациялады.

Израилдин Тышкы иштер министрлигинен берилгенбилдирүүдө швециялык активист Грета Тунберг да болгон Глобалдык Сумуд флотилиясынын 171 активистин Греция менен Словакияга депортацияланганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, депортациялангандар Греция, Италия, Франция, Ирландия, Швеция, Польша, Германия, Болгария, Литва, Австрия, Люксембург, Финляндия, Дания, Словакия, Швейцария, Норвегия, Улуу Британия, Сербия жана АКШнын жарандары экендигин билдирди.

Британиянын The Guardian гезитинин жазганына караганда, Грета Тунберг швециялык жетекчилерге курт - кумурскага толгон камерада кармалганын, з көлөмдө тамак-аш жана суу берилгенин айтты.

Андан тышкары түрк активисти Эрсин Челик Анадолу агенттигине Израилдин аскерлеринин Гретаны оор кыйноого алганын жана Израиль желегин өбүүгө мажбурлаганын айтты.

Мыйзамсыз блокадага каршы чыгуу

Израиль өткөн күндөрдө 170ке жакын флотилия активисттерин депортациялады, алардын көбү Стамбулга, ал эми майда топтор Италия менен Испанияга жөнөтүлдү. Бул маалыматты Израилдин Адалах юридикалык борбору билдирди.

Израилдин деңиз күчтөрү шаршембиге караган түнү Глобалдык Сумуд флотилиясына таандык кемелерге чабуул жасап, 50дөн ашуун өлкөдөн 470тен ашуун активистти камакка алгын.

Флотилия Газага гуманитардык жардам жеткирүү жана Израилдин аймакты блокадага алуусуна каршы чыгууну максат кылган.

Израиль дээрлик 18 жылдан бери болжол менен 2,4 миллион адам жашаган Газаны блокадада кармоону улантууда.

2023-жылдын октябрь айынан бери Израилдин бомбалоолору көбү аялдар менен балдар болгон 67 миң 200дөн ашуун палестиналыкты өлтүрүп, аймакты жашоого жараксыз абалга алып келди. Блокада Газаны ачарчылыкка дуушар кылды.

Иликте
Сувайданын айыл жериндеги кол салууда төрт адам каза болуп, бир шектүү кармалды
Индиядагы көмүр кенинин жарылуусунан кийин өлүм саны 27ге жетти
Япониядагы шайлоодо премьер-министр Такаичи өзүнүн кызмат мөөнөтүн узартууну көздөп жатат
Зеленский: АКШ Украина-Россия согушу июнь айына чейин бүтүшүн каалайт
Йемендин премьер-министри коррупцияга каршы күрөшүүгө, өлкөнүн жашоо шартын жакшыртууга убада берди
АКШ Газада кайра куруу жана ок атышууну токтотуу процессин талкуулоо үчүн тынчтык саммитин өткөрөт
Россиянын чабуулдары Украинанын электр тармагына сокку урду,  тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылууда
Оман Иран-АКШ ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрдү
Исламабадда мечитте жардыруу болуп, 30 адам каза болду
Москвада орусиялык жогорку даражалуу генералга ок атылды; кол салган кишини издөө иштери уланууда
Иран АКШ менен Омандагы сүйлөшүүлөрдө "ак ниеттүүлүк менен" иш алып барып жатканын билдирди
Кытай менен Түштүк Корея 15 жылдан кийин биргелешкен деңиз машыгууларын жандандырууну талкуулоодо
Нетаньяху Египеттин аскердик күчүнөн тартынууда; Иран тууралуу АКШнын акыркы кадамынан күмөн саноодо
Январдан бери 900 палестиналык мыйзамсыз израилдик отурукташкандар тарабынан күч менен көчүрүлдү
Карни Түркиянын Канада үчүн "маанилүү өнөктөш" экенин айтты
Япониянын премьер-министри TSMC компаниясынын чип өндүрүү боюнча алдыңкы планын колдойт
Кубадан АКШга: сүйлөшүүлөргө ачыкпыз, конституциялык өзгөртүүлөргө эмес
Израиль оккупацияланган Чыгыш Кудсту курчоого алууну көздөгөн жаңы конуш жолунун курулушун баштады
Кытай АКШ менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды
Голландияда 10 муниципалитет мусулмандардын купуялуулугун бузган жашыруун иликтөөлөр үчүн айыпталды