ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: "Биз адамзатты геноцидге каршы коргоону улантабыз"
Президент Режеп Таййип Эрдоган EFES-2026 машыгуусунда сөз сүйлөдү.
Эрдоган: "Биз адамзатты геноцидге каршы коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган EFES-2026 машыгуусунда сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган EFES-2026 машыгуусунда сүйлөгөн сөзүндө Измир шаарында өтүп жаткан бул иш-чара Түркиянын гана эмес, дүйнөнүн эң ири биргелешкен жана комплекстүү машыгууларынын бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдагы машыгууга түрк аскерлери менен бирге 50 башка өлкөдөн 1300дөн ашуун дос, бир тууган жана союздаш мамлекеттердин өздүк курамы катышып жатканын маалымдады.

Машыгууда колдонулган ата мекендик коргоо өнөр жай продукцияларына көңүл бурган президент: "Жогорку технологиялуу, ата мекендик жана улуттук коргоо өнөр жайыбыздын өндүрүмдөрү ийгиликтүү колдонулган бул иш-чара пландалышы, аткарылышы, аскердик бөлүктөрдүн шайкештиги жана анын артындагы стратегиялык акыл менен жөн гана машыгуу болуудан абдан терең маанини туюнтат. Бул жерде коркутуудан тышкары тынчтыкты орнотуу үчүн кандай даярдык, эрк жана чечкиндүүлүктү талап кыларынын үлгүсү бар.”

Эрдоган бүгүнкү күндө дүйнөдө жаңы тең салмактуулуктар жана альянстардын түзүлүп жатканын, бирок "жаңы глобалдык тартип али орной электигин" билдирди. Президент: "Дүйнөбүз бир ууч ири державалар тарабынан иштелип чыккан статус-кводон көп полярдуу, көп актердук түзүмгө тездик менен өнүгүп жатат", - деди.

«Бул татаал географиялык шартта армиябызды күчтүү жана жакшы жабдылган абалда кармап, тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо керектигин билебиз», - деген Эрдоган, Түркиянын аймактагы ролуна көңүл буруп: «Түркия катары биз согушка жана башаламандыкка инвестиция салгандарга каршы тынчтыкты жана туруктуулукту коргоону улантабыз. Газада, Ливанда жана аймагыбыздын башка бөлүктөрүндө эркектерди, аялдарды, балдарды жана карыларды өлтүргөн геноциддик тармактарга каршы бүткүл адамзаттын жалпы баалуулуктарын чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз».

Иликте
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү