АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен болгон согуш «жакында» аяктай турганын айтып, кагылышуу аяктагандан кийин мунайдын баасы кескин төмөндөй турганын болжолдоду.
Трамп шаршемби күнү Монтана штатында кабарчылар менен болгон маегинде: «Иран менен болгон согуш жакында аяктайт... Алар да аякташын каалаганы үчүн жакында бүтөт. Алар эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт жана мунайдын баасы кескин төмөндөйт», — деди.
Буга чейин Монтана штатындагы митингде Трамп АКШнын Иран менен сүйлөшүүлөрдү кайсы расмий өкүлдөр аркылуу жүргүзүп жатканы белгисиз экенин билдирген.
«Жакынкы Чыгыштын агрессивдүү күчү»
АКШнын президенти Иран бир кезде Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылган аскердик күч болгонун, бирок АКШнын аскердик операциялары анын мүмкүнчүлүктөрүн алсыратканын айтты.
Иранды мурда «Жакынкы Чыгыштын агрессивдүү күчү» деп атаган Трамп өлкөнүн мурдагыдай күчтүү эмес экенин кошумчалады.
АКШнын чабуулдары Ирандын деңиз флотун талкалап, аскердик учактарын жараксыз абалга келтиргенин айткан Трамп Ирандын 159 кемеси болгонун, бирок алардын бири да иштебей калганын билдирди. Ошондой эле Ирандын согуштук учактары учуу-конуу тилкелеринде жок кылынганын кошумчалады.

























