Ок атышпоо келишими күчүндө болгон акыркы бир жылда Израиль армиясынын Газадагы кол салууларынан 1501 палестиналык каза тапты.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин кол салууларынан акыркы 24 саатта дагы 3 палестиналык каза болуп, 17 адам жаракат алганы айтылды.
2025-жылдын 10-октябрында ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бери Израиль армиясынын кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 1501ге, ал эми жаракат алгандардын саны 5323кө жеткени белгиленди.
Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин Израилдин кол салууларынан улам урандылардын астында калган 838 палестиналыктын сөөгү табылганы кабарланды.
Израиль Газага кол салууларын баштаган 2023-жылдын октябрь айынан бери каза болгон палестиналыктардын саны 74 392ге, ал эми жаракат алгандардын саны 175 440ка жетти.
Газа тилкесинде миңдеген адамдардын сөөгү дагы деле урандылардын астында экени айтылууда, анткени Израиль дээрлик күн сайын кол салып ок атышууну токтотуу келишимин бузуп келет.




















