ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Күчтүү жаан жана сел Кытайдын борбор шаарында 30 адамдын өлүмүнө себеп болду
"Синьхуа" маалымат агенттигинин билдиришинче, жамгырдан улам Пекинден 80 миңден ашуун адам эвакуацияланды, ал эми президент Си Цзиньпин адам өлүмүн азайтуу үчүн "жапа тырмак" куткаруу иштерин жүргүзүүгө буйрук берди.
Күчтүү жаан жана сел Кытайдын борбор шаарында 30 адамдын өлүмүнө себеп болду
/ AP

Расмий Синьхуа агенттигинин маалыматына ылайык, Пекинде нөшөрлөгөн жаандан улам 30 адам каза болду.

Синьхуа шейшемби күнү Пекинде жана ага жакын провинцияларда жааган жамгыр дүйшөмбү күнү күчөп, борбор шаардын түндүк аймактарында 543,4 мм (16 дюйм) чейин жеткенин билдирди.

Пекиндин түндүктөгү тоолуу райондорунда каза болгондор болуп, Миюнь шаарында 28, Янцинде 2 адам каза болду.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, катуу жааган жамгырдан улам Пекинден 80 миң 322 адам эвакуацияланды.

Дүйшөмбү күнү кечинде Кытайдын президенти Си Цзиньпин адам өлүмүн азайтуу үчүн издөө-куткаруу операциясын жүргүзүүгө буйрук берди.

Синьхуа кабарлагандай, жакында болгон сел жана кырсыктардын Пекин, Хэбэй жана Шандун сыяктуу аймактарда "олуттуу жоготууларга жана мүлктүк зыянга" алып келди.

Иликте
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти