ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иранда Али Хаменеинин сөөгүн коюу зыйнаты башталды; калың эл өч алуу ураанын чакырышууда
Ирандык жетекчилер өлкөнү отуз беш жыл башкарган лидери менен коштошуу зыйнатына алдыдагы үч күндүн ичинде Тегеранда гана 15 миллиондон 20 миллионго чейин адам катышаары күтүлүп жатканын жарыялашты.
Иранда Али Хаменеинин сөөгүн коюу зыйнаты башталды; калың эл өч алуу ураанын чакырышууда
Өч алууга чакырыктын символу болгон кызыл тууларды көтөргөн миңдеген аза күтүүчүлөр Тегерандагы Чоң Мосалла мечитинин короосуна чогулушту. / Reuters

Иранда февраль айында АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккусунан каза болгон диний лидер Аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу боюнча расмий жаназа зыйнаты башталды. Мамлекеттик телекөрсөтүү миңдеген адам катышкан жаназа зыйнаты Тегеран бийлиги тарабынан, айрыкча АКШ жана Израиль сыяктуу душмандарга каршы күч көрсөтүү катары пландалганын билдирди. 28-февралда башталган АКШ-Израиль-Иран согушунун биринчи күнүндө 86 жашында өлтүрүлгөн Хаменеини жана айрым үй-бүлө мүчөлөрүн эскерүү үчүн өлкө боюнча алты күндүк жаназа зыйнаты пландаштырылууда. Ирандын расмий өкүлдөрү өлкөнү 35 жыл башкарган Хаменеини эскерүү үчүн кийинки үч күндүн ичинде Тегеранда өтүүчү жаназа зыйнатына 15 миллиондон 20 миллионго чейин адам катышаары күтүлүп жатканын билдиришти.

“Өч алуу” ураандары

Тегерандагы Улуу Мусалла мечитинин комплексине чогулган миңдеген адамдар өч алуунун символу болгон кызыл тууларды көтөрүп, Хаменеинин сөөгүнүн алып келинишин күтүп жатып аянтта “өч алуу” ураандарын жаадырышты.

Үч шаарда жаназа зыйнаты ткөрүлөт

Хаменеинин сөөгү дүйшөмбү күнгө чейин Тегеранда болот жана андан кийин жүрүш өткөрүлөт. Шейшемби күнү Кум шаарына алып барыла турган сөөк андан кийин шаршемби күнү коңшу Ирактагы шиит ыйык шаарларына алып барылгандан кийин бейшемби күнү Хаменеинин кичи мекени Мешхедге коюлат.

Жаназа зыйнатына катышкан эл аралык коноктордун арасында Иран менен АКШнын ортосунда ортомчулук кылып жаткан Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Россиянын президенти Владимир Путиндин өкүлү катары катышкан Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бар. Жаназа зыйнатына Хамас, Хизбулла жана Афганистандагы Талибан өкмөтү да катышууда.

Аймакта убактылуу ок атышууну токтотуу өкүм сүрүүдө

Беш жумага созулган кагылышуулардан кийин Жакынкы Чыгыштагы кагылышуу Пакистандын ортомчулугунда Иран жана АКШнын ортосунда түзүлгөн биринчи келишимден кийин токтоду бирок ирандык жетекчилер эгерде муктаждык боло турган болсо Тегерандын кайрадан кагылышууларды баштоого даяр экендигин эскертишти.

Иликте
ИКУ Түркия, Сауд Арабия жана Пакистандын "тарыхый" коргонуу келишимин ыраазычылык менен кабыл алды
Тышкы иштер министрлиги ASEANды 59 жылдыгы менен куттуктады
Түркия: Сауд Арабиясы жана Пакистан менен коргонуу келишими "белгилүү бир өлкөгө каршы эмес"
Премьер-министри Шариф Мекке коргоонуу келишимине кол коюлушунан улам сыймыктанганын билдирди
Орус кол салууларында  Киевге жакын жерде үч киши каза болду
Украинанын Президенти Зеленский Сербияга расмий сапар менен барды
Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандан Мекке коргонуу келишими
Кыргызстанда Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү
Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан үч тараптуу коргоо келишимине кол коюшат
Эрдоган Сауд Арабиясына барып, Салман жана Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт
Трамп АКШнын ок-дары тартыштыгы тууралуу кабарларды четке какты
WWF: Бул жылы жай айында чыккан токой өрттөрүндө 70 миң гектардык аянт күлгө айланды
Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 382ге жетти
Украинанын тышкы иштер министри Сибига тынчтыкка жетүү үчүн лидерлер жолугушушу керектигин айтты
Тарыхый Кадыкалеси ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди