ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль жаңы пландын негизинде оккупациядагы Батыш Шериада 19 отурукташуу жерин мыйзамдаштырат
Жергиликтүү медианын билдирүүсүнө караганда бул кадам ашыкча оңчул каржы министри Безалел Смотричтин жаңы конуштарды жана мурда талкаланган конуштарды камтыган сунушун киргизгенден кийин ташталды.
Израиль жаңы пландын негизинде оккупациядагы Батыш Шериада 19 отурукташуу жерин мыйзамдаштырат
Израиль оккупацияланган Батыш жээкте дээрлик 800 жаңы мыйзамсыз конуш үйлөрүн бекитти. / Getty Images
13 Декабрь 2025

Израилдеги жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына караганда Израилдин коопсуздук кабинети оккупация астындагы Батыш Шериада 19 конушту мыйзамдаштыруу планын бекитти.

Бул чечим бейшемби күнү кечинде өткөн өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Финансы министри Безалел Смотрич оккупацияланган Батыш Шериадагы 19 мыйзамсыз конушка расмий статус берүү сунушун киргизди.

Буга ылайык, жаңыдан түзүлгөн айрым конуштардан тышкары, мурдатан бар болгон айрым конуштар эми расмий макамга ээ болот.

14-каналдын билдиришинче, сөз болуп жаткан конуштардын арасында 2005-жылы Израилдин Газадагы конуштарды эвакуациялоосун да камтыган бөлүнүү планынын алкагында бошотулган Ганим жана Кадим да бар.

14 - канал бул чечимдин оккупация астындагы Батыш Шерианын түндүк аймактарындагы конуштарга «толук кайтуу” деген мааниге келгенин, аймакты Инжилдеги аты Юдея жана Самария деп атаганын билдирди. Канал бул кадамды конуш саясатындагы чоң өзгөрүү катары сыпаттап, натыйжанын Смотрич тарабынан багытталгандыгын билдирди.

750,000 мыйзамсыз отурукташуучу

Отчетто, министрлер кабинетинин макулдугу менен, конуштарды түзүү жана мыйзамдаштыруу боюнча саясий чечимди ишке ашыруу үчүн тездетилген пландаштыруу процесси башталаары айтылган.

Израилдин солчул уюму Peace Now басып алынган Батыш Шермада конуштарда болжол менен 500 000 мыйзамсыз израилдик жашайт, ал эми кошумча басып алынган Чыгыш Кудстагы жерлерде 250 000 отурукташуучунун жашагандыгын айтууда.

Оккупациядагы Батыш Шерианын кеңейиши жана расмий түрдө аннексияланышы БУУнун резолюцияларында каралгандай эки мамлекеттүү чечимди (Израиль жана Палестина мамлекети) ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

1948-жылы Палестина жеринде түзүлгөн Израиль кийинчерээк Палестинанын алган аймактарын басып алган.

Бири биринин артынан келген Израиль өкмөттөрү артка чегинүүнү жана Чыгыш Кудсту борбор шаар катары кабыл алган көз крандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүн четке какты.

Иликте
Австралиядагы куралдуу кол салуудан кеминде үч адам каза болуп, бир адам жаракат алды
Аль-Актан түрмөсү YPG көзөмөлүнөн бошотулгандан кийин сириялык үй-бүлөлөр жакындарын издөөдө
Түркия жана дагы жети өлкө Трамптын "Тынчтык Кеңеши" чакырыгын кабыл алды
НАТО: Союздаштар Арктиканын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргеликте иштешет
Европа Биримдиги АКШ менен соода келишимин токтотту
Трамптын администрациясы Мэнде иммигранттарга каршы рейд жүргүзүүдө
«Өтө суук аба ырайы күтүлүүдө»: кышкы бороон АКШнын көпчүлүк бөлүгүн каптайт
АКШ Сириядан Иракка ДЕАШ туткундарын өткөрүп берүү ишин баштады
Сириянын түндүк  - чыгышында YPG  миналары жарандарды жана аскерлерди өлтүрдү
Эрдоган: "Түркия Газадагы бардык тынчтык демилгелерин маанилүү деп эсептейт"
Сириядагы ок атышпоону кубаттаган Эрдоган туруктуу чечим табууга чакырды
Стармер: Улуу Британия Арктиканын коопсуздугун коргоо үчүн өз салымын кошууга даяр
Кытай Трамптын "Тынчтык кеңеши" БУУнун ордун алат  деген пикирине каршы чыкты
Ирандын жогорку мартабалуу дипломаты: АКШ кол сала турган болсо колубуздагылар менен жооп кайтарабыз
Трамп аралды сатып алууну талап кылып жатканда Франция НАТО машыгуусун өткөрүүгө чакырууда