ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Ормуз булуңундагы үзгүлтүк Перс булуңу өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратты
Мунай импортуна көз каранды болгон Перс булуңунун экономикалары согуштун айынан Ормуз кысыгындагы деңиз жолдорунун үзгүлтүккө учурашынан улам келип чыккан тартыштык жана баанын көтөрүлүшү коркунучуна туш болууда.
Ормуз булуңундагы үзгүлтүк Перс булуңу өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратты
2026-жылдын 3-мартында Дубайдагы (БАЭ) супермаркетте Иран менен АКШ-Израиль жаңжалынын шартында текчелерде товарлар тизилген. / Reuters
9 саат мурун

Бай Перс булуңу өлкөлөрү  Иран кагылышуусунун портторго коркунуч келтирип жана Ормуз кысыгынан өткөн деңиз транспортун үзгүлтүккө учураткандыктан, 2008-жылдагы глобалдык азык-түлүк кризисинен берки эң чоң азык-түлүк коопсуздугу коркунучу менен бетме  - бет келип турат.

Бул согуш 2008-жылы азык-түлүк баалары кескин көтөрүлүп, Перс булуңу өлкөлөрүн чет өлкөлөрдөгү айыл чарба инвестицияларына акча жумшоого жана импортко негизделген саясатка өтүүгө мажбурлаган стратегияларды сынап жатат. Аймактын катаал климаты жана суунун тартыштыгынан улам, стратегиялык дан өсүмдүктөрүн жергиликтүү өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган мурдагы кымбат программалардан баш тартылган эле. Мисалы, Сауд Арабиясы 2008-жылы буудай өндүрүү программасын кыскартып, дээрлик толугу менен импортко көз каранды болуп калган.

Согуш 2008-жылы азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү Перс булуңундагы өлкөлөрдү импортко көз каранды саясаттан баш тартып, чет өлкөлөрдөгү айыл чарба инвестицияларына акча салууга мажбурлаган мезгилде кабыл алынган стратегияларды сыноодо. Аймактын катаал климаты жана суунун тартыштыгынан улам, стратегиялык дандардын жергиликтүү өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган мурдагы кымбат программалардан баш тартууга жол ачкан. Мисалы, Сауд Арабиясы 2008-жылы буудай өндүрүү программасын кыскартып, дээрлик толугу менен импортко көз каранды абалга келген.

Глобалдык деңиз каттамдары үзгүлтүккө учурап, көптөгөн өлкөлөрдүн аба мейкиндиги жабылгандыктан, азык-түлүктүн 80-90 пайызы импорттолгон бул аймакта айрым товарлардын баасы кескин көтөрүлүп, тартыштык жаралышы күтүлүүдө. «Chatham House» борборунун илимий кызматкери Нил Куиллиам: «Ормуз кысыгы аркылуу өткөн азык-түлүктүн 70 пайыздан ашыгын эске алганда, Булуң Кызматташтык Кеңешине (ККК/GCC) мүчө өлкөлөр согуш улана берсе, ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн», — деди.

 Ормуз кысыгындагы тоскоолдук

Талдоочулар Ормуз кысыгындагы убактылуу тоскоолдуктардын негизги порттордон кичине портторго багыттоону талап кылып, чоң кысым жаратарын эскертишүүдө. Дубайдагы Жебел Али, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Сауд Арабиясынын негизги порттору Ормуз суу жолу аркылуу өтүүгө муктаж болгон жерлерде жайгашкан.

Ирандын чабуулдары бул маанилүү жерлердин көбүнө, анын ичинде аймактын эң ири контейнер порту болгон Жебел Алиге тийип, операциялардын бир нече саат токтошуна себеп болду. «Эң чоң жана дароо сезиле турган таасир — 50 миллионго жакын адамды тейлеген Жебел Али портунун блокадага алынышы болот», — деди аналитик Ишан Бхану.

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Хормуз кысыгынан тышкары жайгашкан портторунун кубаттуулугу чектелүү. Шарджанын Хор аль-Факкан порту 5 миллион TEU (жыйырма футтук контейнердик бирдик) иштете алса, Фуджейранын кубаттуулугу 1 миллиондон аз жана ал Жебель Али же Абу-Дабидеги Халифа портунда жоголгон кубаттуулуктун ордун толтура албайт.

«Катар, Кувейт, Бахрейн жана Ирак кургактык менен курчалып жана Сауд Арабия аркылуу кургактык багыттарга көз каранды болот»,- деп кошумчалады Бхану.

Банан жана башка тез бузулуучу азыктардын баасынын кескин өсүшү

БАЕ стратегиялык товарлардын кору 4-6 айга жетерин жарыялап, бааны негизсиз көтөргөндөр тууралуу кабарлоо үчүн ишеним телефонун түздү.

Супермаркеттин кызматкерлери Reuters агенттигине текчелер негизинен толуп турганын, бирок жеткирүүчүлөр кээ бир товарлардын запастарын толуктоо үчүн мурдагыдан көп убакыт коротуп жатышканын билдиришти. Дубай бийлиги товарлардын агымын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ушул аптада жүк ташуучу унаалардын кыймылына коюлган чектөөлөрдү убактылуу жумшартты.

Ирандын Булуңга  карата кол салууларынын ишемби күнү башталышы бир топ кишини азык  - түлүк камдоого түрттү жана дүрбөлөңгө жол ачып убактылуу баалардын түшүшүнө себеп болду. Айрым тургундар баалардын өсүшүн байкай башташты. "Кечээкиге салыштырмалуу дүкөндөн кылган соодам үч эсеге кымбаттап кеттиби, же мага эле ушундай сезилип жатабы? Банандардын баасы да көтөрүлүп кетти." - деп жазды шейшемби күнү жергиликтүү Facebook тобуна бир сатып алуучу.

Банан сыяктуу тез бузулуучу товарлар деңиз жолу аркылуу ташылганда бат таасирленет. Аба мейкиндиги ачылганда тез бузула турган азык – заттардын  учак менен алып барылышы жол жүрүүнү кыскартканы менен бааларды көтөрөт.

Булуң кызматташтагы

Негизги азык-түлүк өндүрүү базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөргө инвестиция салуу менен бирге, Перс булуңунун өлкөлөрү акыркы жыйырма жылда жүз миңдеген тонна стратегиялык данды сактоого жөндөмдүү заманбап кампа объекттерин курушту. Бул кампалар буудай, күрүч жана тамак-аш майлары сыяктуу бир нече ай бою сактала турган негизги азык-түлүктөр үчүн буферди камсыз кылат.

БАЭ 2016-жылы Ормуз кысыгынан тышкары Инд океанынын жээгинде 300 000 тоннадай сыйымдуулуктагы Фуджейра дан сактоочу жайларын ачкан. Бул жер Батыш менен чыңалуу күчөгөн учурда Ирандын кысыкты жаап салуу менен коркутушунан улам Ормузду айланып өтүү үчүн стратегиялык жактан тандалды.

«Индия-Жакынкы Чыгыш Агро Альянсынын» башчысы Судхакар Томар: «Фужайрадагы дан кампалары деңиздеги абал курчуганда коопсуздук клапаны катары кызмат кылат», — деп белгиледи.

Булуң кызматташтык кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосундагы аймактык кызматташтык азык-түлүк тартыштыгын алдын алууда чечүүчү мааниге ээ болот, бирок алты өлкөнүн координациясы узак убакыттан бери кыйынчылыктар менен коштолууда.

"Кыйын логистиканы башкаруу жана алты мамлекет менен Ирактын муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн Булуң кызматташтык кеңеши өлкөлөрүнүн ортосунда тыгыз кызматташтык талап кылынат", - деди Куиллиам.

 

Иликте
Согуш коркунучу Жакынкы Чыгышта туризмди токтотту
Иран Перс булуңунда америкалык мунай танкерине кол салынганын билдирди
"Хизбулла" Израилдин Ливанга чабуулдарына жооп катары Галилеядагы аскердик буталарга сокку урду
Түркия Эгей аралдарынын демилитаризацияланган статусун алсыратуу аракеттерин четке какты
Ирандын дрондору Азербайжанды бутага алды, Баку жооп кайтарууга укуктуу экенин билдирди
Түркия "Made in EU" долбоорундагы ордуна ыраазы
Ирандын тышкы иштер министри: АКШ кемени чөктүргөнү үчүн "аябай өкүнөт"
Хизбулланын лидери Израилди коркутту: "Биз бардык күчүбүз менен каршылык көрсөтөбүз"
АКШ Сенаты Иран согушун токтотуу демилгесин четке какты
БУУ: Газадагы аялдар мене кыздар "эң кыйратуучу гуманитардык трагедиянын ичинде" жашап жатат
АКШ Кувейттеги дрон чабуулунан каза болгон дагы эки аскердин аты-жөнүн жарыялады
Аймактык чыңалуу күч алып, Израиль Бейрутта жаңы кол салууларды ишке ашырды
АКШ-Израиль кол салууларынан каза болгондордун саны 926га жетти
Индонезиянын тышкы иштер министри: "Газа Тынчтык кеңешинин сүйлөшүүлөрү токтотулду"
НАТО Ирандын Түркияга карай илгерилеп бараткан баллистикалык ракетасын атып түшүрдү