ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Жазуучулар жана өнөрпоздор Британияга каршылык көрсөтүштү
400дөн ашуун өнөрпоз, анын ичинде алдыңкы британиялык музыканттар өкмөттүн Palestine Action тобуна тыюу салуу планын айыптап, муну демократияны бутага алган кол салуу катары сыпатташты.
Жазуучулар жана өнөрпоздор Британияга каршылык көрсөтүштү
Police officers block a street as pro-Palestinian demonstrators gather in protest against plans to proscribe the "Palestine Action" group / Reuters

Искусство жана маданият коомчулугунан 400дөн ашуун адамдан турган топ дүйшөмбү күнү британ өкмөтүн, Palestine Action тобуна тыюу салуу ниетинен баш тартууга жана "Израилди куралдандырууну токтотууга" чакырды.

Бул чакырык, музыканттар Пол Веллер, Massive Attack тобунан Роберт дел Нажа, Брайан Эно жана америкалык өнөрпоз Реджи Уоттс сыяктуу алдыңкы өнөрпоздор кол койгон ачык кат менен жасалды.

"Palestine Action геноцидди токтотуу үчүн аракет кылып жатат. Өмүрдү сактап калуу үчүн иш алып барууда. Өкмөттүн бул топко тыюу салуу чечимин айыптайбыз", – деп айтылат Artists for Palestine UK уюмунун катында.

Өнөрпоздор тынчтыкчыл түздөн-түз аракеттерди терроризм катары сыпаттоонун "тилди кыянаттык менен колдонуу жана демократияга кол салуу" дегенди билдиргенин айтышты.

"Улуттун жашоосуна болгон чыныгы коркунуч Palestine Action тобунан эмес, ички иштер министринин аны тыюу аракетинен келип чыгат", – деп кошумчалашты.

Каттын соңунда өнөрпоздор өкмөттү PalestineAction тобуна тыюу салуу чечиминен баш тартууга жана "Израилди куралдандырууну токтотууга" чакырышты.

Британия "каардануу жана каршылыкка туш болот"

Өткөн жумада ички иштер министри Иветт Купер Palestine Action тобуна тыюу салуу ниетин жарыялап, бул топ Израиль өкмөтүнө курал жеткирген өндүрүш ишканаларынын ишин үзгүлтүккө учуратууну максат кылганын белгиледи.

Бул билдирүү Palestine Action активисттери 20-июнда Оксфордширдеги RAF Brize Norton базасына кирип, эки учакка зыян келтиргенден кийин жасалды. Алар Британиянын Израилди колдоосуна жана Газадагы чабуулдарына каршы нааразылык билдиришкен.

Купер бул чечимди Терроризм мыйзамынын негизинде кабыл ала турганын, мунун Palestine Action тобунун мүчөсү болууну же аны колдоону мыйзамсыз кыларын айтты.

Ошол эле күнү борбордогу Трафальгар аянтында чогулган жүздөгөн адамдар, Palestine Action тобун колдоп, бул топту терроризм тизмесине кошуу тууралуу кабарларга каршы чыгышты.

Artists for Palestine UK уюмунун өкүлү: "Мурда өнөрпоздор тарабынан мынчалык тез жана кеңири каршылык көрсөтүлгөн эмес", – деди.

"Эгерде өкмөт бул тыюуну уланта берсе, анда чоң масштабдагы каардануу жана каршылыкка туш болот", – деп кошумчалады.

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат