Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон сүйлөшүүсүндө Иранга мүмкүн болгон жаңы чабуулдарга көңүл бурууп: «Биз бүтүрүшүбүз керек болгон иш бар», — деди.
Нетаньяху X социалдык тармагындагы аккаунтунан АКШ президенти Трамп менен телефон сүйлөшүүсүнүн видеосун жарыялады.
Израилде 27-октябрда өтө турган шайлоодо ага колдоо көрсөткөнү үчүн Трампка ыраазычылык билдирип, Иранга мүмкүн жаңы соккууларга ишарат кылып: «Дональд (Иранга), биз бүтүрүшүбүз керек болгон иш бар. Бул жөнүндө сен да айттың, жана биз аны бирге бүтүрөбүз. Бул башка эч ким жасабайт», — деди.
Нетаньяху АКШ менен бирге аракет кылганыбыздын натыйжасында дагы көп өлкө Израил менен жарандык жана дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүнү камтыган Абрахам келишимдерине кошуларын билдирди жана: «АКШдагы адамдар билиши керек: сен алар үчүн эң чоң коркунуч — ядролук Иранга каршы турдун», — деди.
Шайлоодо Нетаньяхуну колдоочумун деп жарыялагандын текстин өзү даярдаганын айткан Трамп: «Сен күрөшкөн адамсың. Өз өлкөң жана мүмкүн башка кээ бирөөлөр сени менен адилетсиз мамиле кылды… Бирок сен улуу күрөшчүң жана биз муну далилдейбиз», — деди.
АКШ президенти Дональд Трамп Израилде 27-октябрда өтө турган шайлоодо премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга колдоосун билдирген.
Иранга карата «Эгер жолун тез эле өзгөртпөсө, биз ишти жакын арада бүтүрөбүз», — деген Трамп, эгер Израил Нетаньяхудан башка лидерди тандаса, өзүнүн ниети болбосо да АКШ бул ишти өзүнө алып аткарууга мажбур болорун билдирген.




















