ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Орусияда түндүк кореялыктар жылына орточо эсеп менен 7500 доллар киреше тапкандары билдирилди.
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Түндүк Кореянын Орусияга миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылды

Түндүк Корея согуштан улам жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен жапа чегип жаткан Орусияга миңдеген жумушчуларды жөнөткөндүгү жана бул жумушчулардын айрымдары Украинанын чабуулдарына кабылган объектилерде иштегендери айтылууда.

Wall Street Journal гезитинин кабарында Түндүк Корея акыркы жылдары мамилелерин чыңдоонун алкагында Орусияга жоокерлерди жана аскердик техникаларды жөнөткөн деген айтымдардан кийин согуштун себебинен жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен жапа чегип жаткан өлкөгө жумушчуларды да жөнөткөндүгү айтылды.

Кабарда Орусиянын эң ири электрондук коммерция компанияларынын бири Wildberriesке таандык 20га жакын кампа жай мезгилинде Украинадагы чабуулдарга кабылганы жана жабыркаган айрым объектилерде түндүк кореялык аялдардын иштегени билдирилди.

Ошондой эле кабарда Түндүк Кореяга киргизилген санкциялардын бузулушун көзөмөлдөгөн Көп тараптуу санкцияларды көзөмөлдөө тобунун (MSMT) отчетуна шилтеме берилди.

Отчетто айрым түндүк кореялык жумушчулар Орусиядагы дрон заводдорунда иштеп, согушка байланыштуу өндүрүшкө түздөн-түз салым кошуп жатканы айтылды.

Орусияда 15 000ден 30 000ге чейин түндүк кореялыктар иштеп, жылына бир адамга орточо эсеп менен 7500 доллардан киреше табышаары жана Пхеньян режими алардын кирешесинин дээрлик 90 пайызын конфискациялаганы кабарланды.

Отчетто ошондой эле чет өлкөдөгү түндүк кореялык жумушчулар өткөн жылы Пхеньян режими үчүн 800 миллион долларга чейин киреше алып келгени, бул акча өлкөнүн ядролук программаларын каржылоого жумшалганы айтылды.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди