ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран жооп кайтарды: Израиль жана Перс булуңундагы АКШнын базалары бутага алынды
Тегерандын жооп кайтаруу соккусу Иранга карата чабуулдардан кийин күч алган чыңалуу менен Израиль аймактарын жана Бахрейн, Катар, БАЭдеги Американын аскердик объектилерин бутага алды.
Иран жооп кайтарды: Израиль жана Перс булуңундагы АКШнын базалары бутага алынды
Израилдин Тегеранга жана башка ирандык буталарга жасаган чабуулдарынан кийин Иран жооп кайтарды. / Reuters

Иран Жакынкы Чыгыштагы Американын аскердик объектилерине жооп кайтаруу максатында ракеталык чабуулдарды баштады. Түздөн - түз соккунун Бахрейнде жайгашкан АКШнын деңиз флотунун 5-флотунун штаб-квартирасына жасалганы маалымдалды.

Бахрейн маалымат агенттиги ишемби күнү Жуффаир/Мина Салман порт аймагындагы Бахрейндин деңиз колдоо операциялары борборуна ракетанын тийгенин ырастады.

Бахрейндин Улуттук байланыш борбору жасаган билдирүүсүндө: «5 - флоттун тейлөө борбору ракеталык чабуулга дуушар болду. Толук маалыматты кийинчерээк бөлүшөбүз», — деп айтылды.

Жакынкы Чыгыш аймагы боюнча жооптуу АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) ушул кезге чейин зыян же адам жоготуулары боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Иран Израилди баллистикалык ракеталар менен бутага алды. Израилдин коргонуу системаларынын бул ракеталарды атып түшүргөнү кабарланууда.

Жакынкы Чыгыштагы АКШнын базалары ракета коркунучунда

Ракеталык чабуулдар Израилдин эртең менен Тегеран жана Ирандын башка объектилерине жасаган чабуулдарына карата жооп катары келди. АКШнын Коргоо министрлиги АКШ күчтөрүнүн «Operation Epic Fury» (Эпикалык каар операциясы) алкагында операцияга катышканын билдирген.

Ирандык расмий өкүлдөр өз аймактарына жасалган кандайдыр бир чабуулдун коңшу өлкөлөрдөгү АКШнын базаларына жооп кайтарууга алып келерин бир нече жолу эскертишкен.

Ирандын кошумча ракеталык аракеттери аймактагы АКШ жайгаштырган башка объекттерге да багытталды.

Катар бийлиги өз аймагынын үстүнөн Ирандын эки ракетасы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Катарда АКШнын аба күчтөрүнүн алдыңкы штаб-квартирасы жана 10 миңден ашык аскер жайгашкан «Эль-Удейд» аба базасы бар.

Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу-Дабиде да жарылуулар болуп, түтүндүн көтөрүлгөнү маалымдалды. Буга байланыштуу аба мейкиндиги дароо жабылды. БАЭ АКШ күчтөрү колдонгон стратегиялык «Эль-Дафра» аба базасы жайгашкан.

Иорданиянын борбору Амманда сиреналар жаңырып, социалдык тармактар жана аймактык булактар АКШ объектилерине жакын жерлерде ракета аракеттери байкалганын кабарлашты.

Кувейт жана АКШ күчтөрүн кабыл алган Булуң өлкөлөрү да жарандарына баш калкалоочу жайларда болууга буйрук берди.

Иликте
Президент Эрдоган: Израилдин провокацияларына карабастан аймакта тынчтык орнойт
Францияда КДРдагы эпидемия менен байланыштуу алгачкы эбола учуру аныкталды
Бириккен Улуттар Уюмунун эвакуация планы боюнча Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет