ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп АКШнын Иранда "кеңири масштабдуу согуштук операцияларды" баштаганын жарыялады
Трамп Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн жана деңиз флотун жок кылууга багытталган чабуулдарды жарыялап, ошол эле учурда ыктымалдуу жоготуулар тууралуу эскертип, ирандык күчтөрдү багынып берүүгө чакырды.
Трамп АКШнын Иранда "кеңири масштабдуу согуштук операцияларды" баштаганын жарыялады
АКШ президенти Дональд Трамп 2026-жылдын 27-февралында Техас штатындагы Корпус-Кристи эл аралык аэропортуна "Air Force One" учагы менен конду. / Reuters

АКШ президенти Дональд Трамп ишемби күнү АКШнын Иранда «кеңири масштабдуу согуштук операцияларды» баштаганын айтып, АКШнын жоготуулары болушу мүмкүн экенин эскертти.

Трамп чабуулдардын Ирандын ракеталык потенциалын жана деңиз флотун жок кылууга багытталганын белгиледи. Чабуулдар АКШ менен Израилдин Иран өзөктүк жана баллистикалык ракета программаларын уланта берсе, кайрадан соккуга кабылаары тууралуу эскертүүлөрүнөн кийин болду.

Трамп Truth Socialда бөлүшкөн видеодо: “Айткандарымды туура түшүнүп, олуттуу кабыл алгыла. Иран режими адамдарды өлтүрүүнү каалап жатат”,- деди.

Трамп : “Эр жүрөк Америка баатырлары каза болушу мүмкүн жана дайыма согушта болгондой эле жоготууларга учурашыбыз мүмкүн. Бирок биз муну бүгүнкү күн үчүн жасап жаткан жокпуз. Биз муну келечек үчүн жасап жатабыз жана бул негизги миссия»,- деди.

Трамп Ирандын куралдуу күчтөрү менен Ислам Төңкөрүш Гврадиясын куралдарын таштоого чакырып, багынып бергендерге кол тийбестик берилерин айтты.

Трамптын айтымында, экинчи вариант — бул «анык өлүм».

Вашингтон менен Тегеран акыркы жумаларда Ирандын өзөктүк максаттары боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Тараптардын ортосундагы акыркы сүйлөшүү бейшемби күнү болуп, бирок эч кандай келишим түзүлгөн эмес.

Трамп: «Иран ондогон жылдан бери жасап келгендей эле, бул жолу да баш тартты. Өзөктүк максаттарынан баш тартуу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөрдү четке какты жана биз мындан ары буга чыдай албайбыз», — деп баса белгиледи.

Иликте
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди