ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган телефон дипломатиясын жүргүзүүдө
Президент Эрдоган АКШнын президенти Трамп жана бир нече өз кесиптештери менен телеконференция аркылуу сүйлөштү. Талкууларда Иран жана Жакынкы Чыгыштагы окуялар талкууланды.
Президент Эрдоган телефон дипломатиясын жүргүзүүдө
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган (Сүрөт: АА)

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүнө ылайык, телеконференцияга АКШнын президенти Дональд Трамп, Бахрейндин падышасы Хамед бин Иса Аль-Халифа, Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти Шейх Мухаммед бин Заид Аль-Нахайян, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани, Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Иорданиянын падышасы II Абдулла жана Пакистандын армия штабынын башчысы Асим Мунир, ошондой эле АКШнын президенттик кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Президент Эрдоган Ирандагы жана Жакынкы Чыгыштагы окуялар талкууланган телекрнференцияда Түркия ар дайым көйгөйлөрдү диалог жана дипломатия аркылуу чечүүнү жактап келгенин, Иран менен дипломатиялык процесстин АКШнын президенти Трамп билдирген деңгээлге жеткенине кубанычта экенин жана жетишиле турган келишим Ормуз кысыгы аркылуу эркин өтүүнү камсыз кылуу менен аймактын туруктуулугун колдой турганын, ошону менен дүйнөлүк экономиканы жеңилдетерин билдирди.

Сүйлөшүү процессине салым кошкон өлкөлөргө ыраазычылык билдирген Эрдоган Иран менен жетишилген ар кандай келишимди ишке ашыруу этабында Түркия бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экенин, Түркия аймакта тынчтыктын орношуна умтулаарын жана Иран контекстиндеги өзөктүк маселе сыяктуу талаштуу маселелер боюнча процесстин алкагында тийиштүү чечимдерди табууга болоруна ишенерин билдирди.

Президент Эрдоган сүйлөшүүлөрдө Түркия аймактык өлкөлөр бири-бирине коркунуч келтирбеген жаңы доорду каалаарын жана адилеттүү тынчтыктын эч кимди уттурбай турганын баса белгиледи.

Иликте
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу  өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Зеленский АКШ Орусия-Украина согушун басаңдатуу үчүн кадамдарды жасап жатканын айтты
Россиянын Киевге жасаган ракета жана дрон чабуулунан эки адам каза болуп, он адам жараланды
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды