ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Фидан Израилди Жакынкы Чыгыштагы кризистен жооптуу деп, Иранга эскертүү берди
Фидан аймак өлкөлөрүнүн арасында "орду толгус жана туруктуу жаракаларга" алып келиши мүмкүн болгон чыңалууну дароо токтотууга чакырды.
Фидан Израилди Жакынкы Чыгыштагы кризистен жооптуу деп, Иранга эскертүү берди
Фидан Израилди Жакынкы Чыгыштагы кризистен жооптуу деп эсептеп, Иранга эскертүү берди. / AA

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан аймакты болуп көрбөгөндөй кризиске кептеген тарап Израиль экенин белгилеп, Израилдин бул кагылышууну өз кылмыштарын жана оккупациялык саясатын жаап-жашыруу үчүн колдонуусуна жол берилбеши керектигин эскертти.

Хакан Фидан бул билдирүүлөрүн бейшемби күнү Дохада Катардын премьер-министри жана Тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен жолугушкандан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында жасады. Бул жолугушуу чыңалууну басаңдатууну көздөгөн аймактык дипломатиялык турдун алкагында өттү.

Улантылып жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөр учурунда баштатылган АКШ - Израиль чабуулдарынын масштабы кеңейгенин белгилеген Фидан, мунун аймакты чоң кагылышуу аянтына айландырганын жана глобалдык туруктуулукту бузганын айтты.

“Карапайым калктын өмүрүнө кайдыгер караган жана жарандык инфраструктураны бутага алган кол салууларды айыптайбыз жана четке кагабыз. Мындай кол салууларды эч качан эч кандай негиз менен актоого болбойт. Түркия ар дайым бир тууган Катардын жанында болгон жана мындан ары да боло берет", - деди.

Ошол эле учурда Иранга да ачык билдирүү жөнөткөн Фидан аймак өлкөлөрүнө карата кол салуулардын кабыл алынгыс экендигин баса белгиледи.

«Кандай гана негиз болбосун, Ирандын аймактык өлкөлөргө кол салуулары аймактык туруктуулуктун негиздерин алсыратат. Булар кабыл алынгыс жана Иранга да аймакка да пайда алып келбейт”,- деди.

«Иранга каршы чабуулдар туура эмес болгондой эле, Ирандын да далилсиз аймактык өлкөлөргө жасаган кол салуулары туура эмес», — деп кошумчалады Фидан.

Фидан Тегеранды "тарыхый жоопкерчилик" сезими менен аракет кылууга чакырып, аймак өлкөлөрүнүн ортосунда "калыбына келтирүү кыйын болгон туруктуу жаракаларга" жол ача турган чыңалууну токтотуу керектигин айтты. Деңиз коопсуздугун коркунучка салган кадамдарга да каршы эскерткен Фидан мунун глобалдык соода жана энергетика линиялары үчүн коркунучтуу экендигин белгиледи.

Дипломатия биринчи жана акыркы чечүүчү жол болушу керек

Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль Тани дагы сабырдуулукка чакырып, согуштун дароо аякташы керектигин айтты.

«Согуш дароо токтотулушу керек. Бул согуштан кимдин пайда көрөрү жана аймакты кимдин кагылышууга жетелеп  жатканы баарына түшүнүктүү», - деди.

Кагылышуунун көлөмүн кеңейтүү аймактык коопсуздукка жана туруктуулукка кызмат кылбай турганын баса белгилеген Аль Тани: «Кагылышуунун көлөмүн кеңейтүү аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна кызмат кылбайт», - деди.

Аль Тани өзгөчө дипломатиянын «биринчи жана акыркы» чечим бойдон калышы керектигин белгиледи.

Ирандын АКШнын базаларын бутага алганы тууралуу билдирүүлөрүн «кабыл алынгыс жана негизсиз» деп мүнөздөгөн Аль Тани Рас-Лаффанга карата кол салуунун дүйнөлүк энергетикалык камсыздоого кесепеттерин тийгизиши мүмкүн экендигин эскертти.

 Түркияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Аль Тани Анкаранын Дохага колдоосу «ар дайым уланып келе жатканын» айтты.

Тышкы иштер министри Фидан Жакынкы Чыгышта уланып жаткан согуш туурашуу сүйлөшүү үчүн аймак өлкөлөрүн камтыган өлкөлөрдү камтыган дипломатиялык сапарга чыкты.

Бул сапар 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен операциясынан жана андан кийинки Тегерандын аймактагы бир катар өлкөлөргө жасаган чабуулдарынан кийин туруксуздук тездик менен күчөп жаткан учурга туш келди.

Иликте
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды
Эл аралык жарандык коом уюму: "Газада гуманитардык абал азыр да катастрофалык абалда"
Казакстанда Биринчи Баку түркология курултайынын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн симпозиум башталды
Израиль депортациялаган Газа активисттери Түркия аркылуу үйлөрүнө кайтышууда
Ирандын футболдук командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн АКШнын Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды